Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 06.03.2023

Башкы прокуратура Ак-Ордодогу үйдүн бузулушун текшере баштады

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунун тургуну Марал Шаработоеванын үйүнүн түрттүрүлгөнү териштириле баштаганын билдирди. 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордого барып, үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Жергиликтүү эл менен жолугушууда “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-бөлүм кызыл китеп берүү ишин аксатып атканы айтылган. Анда жер анын ээсинин макулдугу менен гана трансформация болору жазылган. 6-мартта “Өскөн-Ордо”... Читать дальше...

Сирияга кеткендер үйүнө кайтышы керекпи?

Azattyk.org 

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган уюмдун Ирак, Сирияда аман калган жоокерлери, миңдеген жесирлери менен балдарынын тагдыры эмне болду? Ушул маселени талдаган Кыргызстандык изилдөөчү, Женевада жайгашкан Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекованын "Чет элдик согушчандар жана эл аралык тынчтык" аттуу китеби тууралуу маектештик.

Жер мунапысы: Талаш жараткан жобо, кызматтан алынган жетекчилер

Azattyk.org 

Бийлик Бишкектеги жаңы конуштардагы жер тилкелерин мыйзамдаштырууну жөнөкөйлөштүрүү үчүн “Жер мунапысы” жөнүндө жобого өзгөртүү киргизгени жатат. Жобого өзгөртүү киргизилсе жерге кызыл китеп берүү үчүн мурунку жер ээсинин макулдугу талап кылынбайт. Конуштардагы үлүш жерлердин ээсибиз дегендер жобого өзгөртүү киргизүүгө каршы болушууда. Үлүш жер ээлеринин нааразычылыгы 6-мартта Ак-Ордо конушунда үлүш жерлердин ээсибиз деген ондон ашык киши Башкы прокуратурага арыз таштаганы келишкен. Алар “Жер... Читать дальше...

Хоккей: Кыргызстан Дүйнө чемпионатынын III дивизионунда жеңүүчү болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын III дивизионунун В (Б) тайпасында жеңүүчү болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, мелдеш 27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага алты команда катышты. Алар Кыргызстан, Гонконг, Сингапур, Малайзия, Иран жана Босния жана Герцеговина өлкөлөрүнүн курама командалары. Мелдеште командалар өз ара ойноп, жыйынтыгында гана жеңүүчү аныкталды. Кыргызстан... Читать дальше...

Жер талаштын тамыры кайда?

Azattyk.org 

6-мартта “Өскөн-Ордо” жаңы конушундагы жер ээлерибиз деген адамдар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-пункттун алып салынышына каршы экенин билдиришти. Алар муну менен жер басып алгандар, ортомчулардан сатып алгандардын жерлери мыйзамдаштырылып кетерин айтышты. Юстиция министрлиги мунапыстын алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болорун караган.

"ИИМде адилеттүүлүк качан орнойт?". Милиция кызматкери бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Ошто милициянын улук лейтенанты Максатбек Аваз уулу жетекчилерин мыйзамсыз иштерге айыптап, президентке жана ички иштер министрине кайрылды. Облустук милиция аны кайра ишин жетишерлик деңгээлде аткарбаган деп айыптап, буга чейин бир нече жолу сөгүш алганын билдирди. Максатбек Аваз уулу 2018-жылы ички иштер органдарына ишке кирип, бир жылдан бери Ноокат районундагы Жаңы-Базар аймактык милициясында иштеп жаткан. 1-мартта ал социалдык тармактарда видеокайрылуу менен чыгып, жумуштан негизсиз айдалганын... Читать дальше...

Беларус соту Тихановскаяны 15 жылга сыртынан кести

Azattyk.org 

Минск шаарынын соту беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаяны сыртынан 15 жылга кести. Ага "бийликти кулатууну көздөгөн, экстремисттик топ түзүп, аны жетектеген, кастыкты козуткан жана улуттук коопсуздукка зыян келтирген" деген айыптар тагылды. Чечим 6-мартта чыгарылды. Тихановскаядан тышкары дагы төрт оппозициячы - Павел Латушка, Мария Мороз, Вольга Ковалькова жана Сергей Дилевский да күнөөлүү деп табылды. Латушка 18 жылга, калган үчөө 12 жылга эркинен ажыратылды. Укук коргоочулар... Читать дальше...

Акылбек Жапаров Кытайдын элчиси менен автобус сатып алуу маселесин талкуулады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-мартта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушууда Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына Кытайда чыгарылган 1500 автобус сатып алуу маселесин көтөргөнүн билдирди. Талкууда Бишкекте аталган автобустарды кураштыруу жана сервистик тейлөө борборун ачуу тууралуу да сөз болду. Бишкек мэриясына газ менен жүрүүчү 120 автобус сатып алынып, быйыл 1-февралда тапшырылган. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров... Читать дальше...



"Резина мектептеги" бир күн: класста 47 окуучу

Azattyk.org 

Кыргызстандын ири шаарлары Бишкек, Ошто жана Чүйдүн айрым айылдарында мектептер жетишсиз болуп, айрым мектептерде балдар бир партага үчтөн отуруп окууга аргасыз. "Данисте" бул жолу Сокулук районуна караган эки мектептен болуп, окуучулардын бир күнүн тартып келди.

Кыргызстан-Индия инвестициялык келишими боюнча маселени кароо кийинкиге калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн 6-мартта Кыргызстандын Индия менен инвестициялык келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап, азырынча чечим кабыл албай кое турууну чечти. Буга тийиштүү документтин текстиндеги каталар, котормодогу айырмачылыктар себеп болду. Натыйжада депутаттар айткан сын пикирлер эске алынып, документ ошого жараша даярдалып, сунушталышы зарыл деген чечим кабыл алынды. Келишимге 2019-жылы 14-июнда Бишкекте кол коюлган. Читать дальше...

Президент Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акимин кызматтан алууну тапшырды

Azattyk.org 

“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды жетиштүү аткарбаганы үчүн президент Садыр Жапаров Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды. Мындай чечим 6-марттагы кеңешмеде кабыл алынганын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Президент мындан тышкары Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароо тапшырмасын берди. Читать дальше...

Кыргызстанда сасык тумоо көрсөткүчү 7,5% жогорулады

Azattyk.org 

Кыргызстанда сасык тумоо көрсөткүчү соңку аптада ага чейинки аптага салыштырганда 7,5% жогорулады. Бул тууралуу 6-мартта “Азаттыкка” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 27-февралдан 6-мартка чейинки аралыкта сасык тумоо менен 5955 бейтап катталды. Бул ар бир 100 миң адамдын 85и ооруп, доктурга кайрылган дегенди түшүндүрөт. Департамент бала бакчалар жана башка билим берүү мекемелери боюнча мониторинг жүрүп турарын... Читать дальше...

Атайын кызмат жасалма ичимдик жасаган цехтер аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек шаарында алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз жасап чыгарган цехтер аныкталганын билдирди. Текшерүү 3-мартта Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге жүргүзүлгөн. Атайын кызматтын басма сөз кызматы 6-мартта билдиргендей, Бишкек шаарынын жана Чүй облусундагы жашыруун цехтерден күмөндүү акциздик маркалары бар жана маркасы жок 12 миң бөтөлкөдөн ашык алкоголдук ичимдиктер алынды. Читать дальше...

Өзбекстанда наркоздон кийин көз жумган вайнердин өлүмү иликтенүүдө

Azattyk.org 

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 26 жаштагы белгилүү вайнер Фарход Манноповдун өлүмүн иликтеп жатат. Расмий маалыматка ылайык, дарыгерлерге карата “Кесиптик милдетин так аткарбоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Mittivine каналын иштеткен Фарход Маннопов өзбек коомчулугуна белгилүү вайнерлердин бири. Анын өлүмү социалдык түйүндө кызуу талкууланууда. ​5-мартта Манноповдун мурдуна операция жасалган. Операцияга 20 мүнөт калганда ал интернетке видео жарыялап, бассейнде сүзүп жүргөндө мурдунан жараат алганын... Читать дальше...

Иранда кыздардын ууланышын чагылдырган журналист кармалды

Azattyk.org 

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи акыркы төрт айда жүздөгөн окуучу кыздарды каптаган оорунун толкунун “кечирилгис кылмыш” деп атап, ага жооптууларды “катуу жазага тартууга” убада берди. Бул тууралуу ал 6-мартта сүйлөгөнүн Reuters агенттиги кабарлады. Бирок Хаменеи кайрылуусунда "уулануу" деген сөздү колдонгон жок. Кыздардагы ооруга байланыштуу коомчулуктун нааразычылыгы күчөп жатканда аны жигердүү чагылдырган журналист Али Пуртабатабаи Кум шаарында түшүнүксүз жагдайда кармалды. Анын себеби айтылган жок. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Нарында Шаменовду бошотууну талап кылган акция өттү

Azattyk.org 

6-мартта Нарын облусунун Дөбөлүү айылында Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан жарандык активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулу) бошотулушун талап кылган нааразылык акция өттү. Андан тартылган видео  Шаменовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Пикетке чыккандар Илгиз Шаменов ишкер катары адамдарды жумуш менен камсыз кылып келгенин, эч кандай күнөөсү жок эле беш айдан бери абакта жатканын айтып, тергөө акыйкат жүрүшүн, активистти үй камагына чыгарууну талап кылышты. Илгиз Шаменов Москвадан... Читать дальше...

ЖК комитети Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү кароону кийинкиге жылдырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 6-марттагы жыйынында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды. “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырууну жана алымча-кошумчаларды киргизүүнү депутаттар бир добуштан колдоду. Комитеттин төрагасы Данияр Төлөновдун маалыматына ылайык, документке 47 депутат 199 сунуш берип, анын 82и толук, ал эми 11и жарым-жартылай кабыл алынган. Читать дальше...

Тоолуу Карабактагы атышууда беш киши окко учту

Azattyk.org 

Тоолуу Карабактагы атышууда коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери набыт болду. Этникалык армяндар үстөмдүк кылган аймактын де-факто өкмөтү үч полиция кызматкери мүрт кеткенин билдирсе, Баку эки аскери окко учканын маалымдады.  5-мартта жикчил аймактагы этникалык армян полициясы менен  азербайжандык аскерлердин ортосунда кагылышуу болгон. Азербайжан тараткан маалыматта аскерлер мыйзамсыз курал-жарак ташып өтүүнү көздөгөн машинени токтотууга аракет кылганда атышуу болгону айтылат.  Тоолуу Карабактын... Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр, кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 6-9-март күндөрү жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автожолунун 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), кар көчкү түшүшү мүмкүн. 7-марттын кечинде Кыргызстандын көпчүлүк дубандарында жаан, тоолуу аймактарда кар  жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8... Читать дальше...

Быйыл эмне эгиш керек? Айыл чарбадагы багыттар өзгөрүүдө

Azattyk.org 

“Элдик экономика” түрмөгүндө жазгы талаа иштери жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна назар салабыз. Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды. Айыл чарба министрлиги сугат жерлердин аянтын кеңейтип, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөрүн билдирди. Расмий маалыматка ылайык, быйыл дан эгиндери 667,7 миң гектар аянтка эгилет. Бул былтыркыга караганда 19 миң гектарга көп. 2022-жылы өлкө боюнча жалпы 1 млн. 229 миң гектар жер айдалган. Быйыл андан төрт миң гектарга көп айдалары айтылды. Читать дальше...

Жер мунапысындагы 27-беренени алып салууга каршы жыйын өттү

Azattyk.org 

“Өскөн-Ордо” жаңы конушундагы жер ээлерибиз деген адамдар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-берененин алып салынышына каршы экенин билдиришти. Алардын бири Жыпаркүл Турсунбаева “Өскөн Ордодогу” 37 гектардын мыйзамдуу ээлери бар экенин айтып, 27-берене алынып калса жер басып алгандар, ортомчулардан сатып алгандардыкы мыйзамдаштырылып кетерин билдирди. Анын сөзүнө караганда, жер ээлери жергиликтүүлөрдөн 2006-2007-жылдары үлүш жерлерди сатып алышкан. 2013-жылдары жер басып алуу болуп... Читать дальше...

Пакистандагы жардырууда тогуз полиция кызматкери набыт болду

Azattyk.org 

Пакистандын Сибби шаарында жанкечтинин кол салуусунан тогуз полиция кызматкери набыт кетти. Окуя 6-мартта болду. Расмий маалыматка ылайык, мотоцикл айдаган жанкечти полициянын унаасына чабуул койгон. Ар кандай жараат алган жети тартип сакчысы жергиликтүү ооруканага түштү.  Бир күн мурун, 5-мартта Белужистан жана Хайбер Пахтунхва провинцияларындагы чабуулдарда эки киши, анын ичинде бир аскер кызматкери каза болгон.  Жардырууларга азырынча эч ким жоопкерчилик алган жок. Адатта бул аймактардагы... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: активисттер абактагы аялдар боюнча бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Алар сот шектүүлөрдү камакка алууда балдарын, жашын, коомго кылган эмгегин жана туруктуу жашаган жери бар экенин эске албаганын билдирип, саясатчылар Клара Сооронкулованы, Рита Карасартованы, Асия Сасыкбаеваны үй камагына коё берүүнү сунушташты. Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин... Читать дальше...

ЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы арызы Биринчи май райондук сотунда каралат

Azattyk.org 

Мамлекеттик ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” басылмасына каршы доо арызы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралмай болду. ЭлТРдин юристи Азизбек Ибрагимов “ПолитКлиника” порталынын кеңсеси Биринчи май районунда жайгашкандыктан буга чейин Бишкектин Свердлов райондук сотуна берилген арыз Биринчи май райондук сотуна которулганын айтты. “Политклиника” медиасынын жетекчиси Дилбар Алимова ЭлТР каналынын арызы туура эмес толтурулганы үчүн арызы артка кайтарылганын билдирди. “ЭлТР Свердлов райондук... Читать дальше...

Бишкекте калайман мушташ уюштургандар изделүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте милиция калайман мушташ уюштургандарды издеп жатканын 6-мартта “Азаттык” радиосуна Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 5-мартта жарым түндө болгон. Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок милиция окуя болгон жерге барганда эч ким аныкталган эмес. Факт райондук милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү башталып, шектүүлөрдү аныктоо иши жүрүп жатканы кабарланды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *