Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 17.03.2023

Беларуста TUT.by басылмасынын эки кызматкери узак мөөнөткө кесилди

Azattyk.org 

Беларуста сот TUT.by басылмасынын мурдагы башкы редактору Марина Золотова менен "Тут Бай Медиа" компаниясынын директору Людмила Чекинаны узак мөөнөткө абакка кести. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди. Эки аялга тең Кылмыш кодексинин бир нече беренеси, анын ичинде мамлекеттик бийликти басып алууга ачык чакырык жасаган жана ажырымга түрткөн материалдарды тараткан деген кине коюлду. Чекинага салыкты жашырган деген да айып кошулду. Сот алардын ар бирин 12 жылдан кести. TUT.by сайты... Читать дальше...

Санарип министрлиги: IT адистер бизге абадай керек экенине ынандык

Azattyk.org 

Кыргызстан бүгүнкү күндө программист адистерге абдан муктаж болуп жатканын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана тажрыйба алмашуу министринин орун басары Абдулла Нассер Лута менен жолугушууда айтты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 17-мартта билдирди. “Мындан 5-6 жыл мурда биз IT адистер канчалык зарыл экенине өзгөчө маани берген эмеспиз. Азыр болсо IT адистери бизге абадай керек экендигине ынандык”, - деди Индира Шаршенова. Читать дальше...

ТИМ Кытайдын виза саясаты боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кытай чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына виза бере баштаганы боюнча бүгүн 17-мартта түшүндүрмө берди. Анда 2020-жылдын 28-мартына чейин алынган жана мөөнөтү аяктай элек визалар кайрадан жарактуу деп эсептелери, Кытайдын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрү визанын бардык категориялары боюнча ишин уланта баштай турганы белгиленди. Ошону менен катар кыргыз тарап айдоочулар үчүн виза алыш үчүн электрондук кезекке жазылууга орундарды көбөйтүү... Читать дальше...

Казакстандагы шайлоо: талапкердин үчтөн бири мурдагы "Нур Отандан"

Azattyk.org 

Казакстанда 19-мартта парламенттин төмөнкү палатасы – Мажилиске​мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өтөт. Бул ирет Акордо талапкерлерге бир мандаттуу округдардан шайланууга мүмкүнчүлүк берип, муну “саясий мейкиндикти либералдаштыруу” менен түшүндүрүүдө. Деген менен серепчилер “өтө турган шайлоо жасалма, шайлоону көзөмөлдөө жана добуштарды саноо дагы эле бийликтин колунда” экенин айтышууда. Казакстанда парламенттик шайлоого эки күн калганда президент Касым-Жомарт Токаев массалык башаламандыкка... Читать дальше...

"Аксы окуясынын" жарасы айыкпайт

Azattyk.org 

17-мартта Бишкекте жана Аксы районундагы Боспиек айылында "Аксы окуясын" эскерүү иш-чаралары өттү. Баш калаада президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган "Ала-Тоо" аянтындагы монументке гүл коюшту. Боспиекте болсо иш-чара нааразылык менен коштолду.

Казакстан массалык башаламандыкка чакыргандарга жазаны күчөттү

Azattyk.org 

Казакстанда парламенттик шайлоого эки күн калганда президент Касым-Жомарт Токаев массалык башаламандыкка чакыргандарга каршы жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Акордо 16-мартта билдирди. Ага ылайык, өлкөдө массалык башаламандыкка чакырган адамдар мурдагыдай 3 эмес 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындай чакырыкты телекоммуникация каражаттары аркылуу жасагандар 7 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал. Өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, кылмыштуу топтун курамында жасалган бейбаштыкка... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Акыйкатчы митинг боюнча мониторинг жүргүздү

Azattyk.org 

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери бүгүн 17-мартта Бишкекте Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалгандардын тарапкерлери өткөргөн акция боюнча жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгын жарыялады. Мекеме укук тартибин коргоо жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бул тынчтык митингин өткөрүүгө эч кандай тоскоол болушпаганын белгиледи. Митингге кармалган 27 адамдын 200дөй тууганы жана тарапташы катышканын билдирди. Митингдин жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда төмөнкүдөй талаптар коюлганын... Читать дальше...

Нарын мэрине "ККМди түшүндүргөн эмес" деп айып пул салынды

Azattyk.org 

Облустук прокуратура Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевди жана жергиликтүү салык кызматынын башчысы Бахтияр Мусабековду “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 435-беренеси (“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу”) боюнча жоопкерчиликке тартып, аларга 10 миң сомдон айып пул салды. Аларга контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишерлик деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн айып салынганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 11-мартта... Читать дальше...



Өзбекстанда дагы 28 каракалпак активисти абакка кесилди

Azattyk.org 

Өзбекстанда биринчи инстанциядагы сот дагы 39 каракалпак активистин былтыр Каракалпакстан автономдуу республикасындагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн "күнөөлүү" деп тапты. Каракалпакстандын кылмыш иштери боюнча соту өз өкүмүн 17-мартта Бухара шаарында жарыялады. Ага ылайык, 28 айыпталуучу 5тен 11 жылга чейин абакка кесилди. Аларга "массалык башаламандыкка катышкан, социалдык тармактарда козголоңго чакырган материалдарды таркаткан, күйүүчү, жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонгон" деген кине тагылган. Читать дальше...

"Азаттык" боюнча соттук териштирүү 24-мартта уланат

Azattyk.org 

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызын кароо Бишкектин Ленин райондук сотунда 24-мартта уланат. 17-марттагы соттук териштирүү учурунда министрликтин өкүлү эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалын улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн келтирилди. "Азаттыктын" адвокаттары экспертиза боюнча өтүнүч менен таанышууга убакыт сурады. Читать дальше...

Инвестициялар агенттиги аймактарда 140 долбоор ишке ашып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймактарында ар кандай этаптарда 2 млрд. 190 млн. 927 миң долларды түзгөн 140 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу 17-мартта президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов парламенттеги "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, долбоорлордун каржылоо булактары катары аймактарды өнүктүрүү фонддору, тике жана ички инвестициялар эсептелет. "Анын ичинен 117 долбоор өндүрүш тармагында, 11 долбоор энергетика тармагында, 12 долбоор айыл чарба тармагында. Читать дальше...

Аксы окуясы: "Ооруканага кирсем, ондой адам канжалап жатыптыр"

Azattyk.org 

Ырысбай Абдыраимов 20 жылга жакын убакыт "Азаттыктын" Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген. Ал коомдук-саясий урунттуу окуялардын көбүнө түздөн түз журналист катары катышкан. 2002-жылдагы Аксы окуясын утурлай, ошондой эле "Азаттыктын" 70 жылдыгына карата аны менен маектештик. - Сиз “Азаттыкта” 20 жылдай радиодо иштедиңиз да, Ырысбай агай? - Ооба, мен 1995-жылдын апрелинен 2014-жылдын сентябрына чейин “Азаттыкта” иштедим. - Ошол 20 жылдын ичинде көп эле окуялар баштан өттү да. Читать дальше...

Маданият министрлиги: "Азаттыкты" жабууга кызыкдар эмеспиз

Azattyk.org 

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыкты” жабууга кызыкдар эмес. Бул тууралуу министрликтин өкүлү бүгүн 17-мартта Ленин райондук сотунда "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралып жатканда айтты жана экспертиза боюнча өтүнүч келтирерин билдирди. Эмне экспертиза тууралуу сөз болуп жатканы айтыла элек. Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон. Доо арызында ал эл аралык компаниянын... Читать дальше...

"Өкмөттүк акселераторлор" программасы ишке кирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Бириккен Араб Эмираттарынын Министрлер кабинетинин атаандаштык жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары, Атаандаштык боюнча кеңештин төрагасы Абдулла Нассер Лута "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке киргизүүнү баштады. Биринчи этапта 100 күн ичинде үч багыт боюнча долбоорлор ишке ашырылат: Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагыларды бошотуу талабы жаңырды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын жакындары сот адилеттигин, сөз эркиндигинин корголушун талап кылып нааразылык акциясын өткөрүштү. “Акыйкат жана эркиндик үчүн” тынч чогулушунун катышуучулары абактагыларды бошотуу, тергөөнү калыс жүргүзүү талабын коюшту. Алар убактылуу кармоочу жайдагылардын көбүнүн ден соолугу начарлаганын, ооруканада дарыланууга шарт түзүлбөй жатканын айтышты. Акцияга чыккандардын талабы 17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагында өткөн нааразылык акциясына 200гө чукул киши чогулду. Читать дальше...

Эм балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч төмөндөөдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку үч жылда эм балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч төмөндөдү. “Азаттыкка” өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева берген статистикалык маалыматка караганда, былтыр 2022-жылы 1380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлдү. 2021-жылы 1452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген. Он жылдык мөөнөттү алып карасак, буга чейинки 2012-2019-жылдары статистика улам жогорулап, эм төрөлгөндөр 1286дан 1640ка жеткен. Соңку он жылда Кыргызстанда алты жолу төрт эм (алардын экөө былтыр) төрөлгөн.

Жер мунапысы: Бишкекте 486 арыз боюнча оң чечим кабыл алынды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында жер мунапысы алкагында бүгүнкү күнгө карата 486 адамдын документи боюнча оң чечим кабыл алынганын 17-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар мунапыс боюнча иштеп жаткан комиссияга бардык тийиштүү документтерин көрсөтө алышты. Ленин районунда 220, Свердлов районунда 134, Октябрь районунда 76 жана Биринчи Май районунда 56 кишинин жерине мунапыс берилмей болду. Арыз кабыл алуу уланууда. Аны менен кошо жерге байланыштуу болгон бардык документтер... Читать дальше...

Алтын рудасын, концентратты сыртка ташууну тыюу мөөнөтү жылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандан алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууну тыйган жарлыгын аткаруу мөөнөтү жылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттик администрациядан кабарлашты. Ага ылайык, жарлык кийинки жылдан тартып күчүнө кирет. Мунун алдында Тоо-металлургчулар кесиптик кошууну эгер бул жарлык май айынан тартып күчүнө кирсе, кен казган компаниялардын ишине олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн, иш токтоп каларын эскерткен. Айрым адистер мындай жарлыкты кабыл алуудан... Читать дальше...

Мирзиёев түрк шайлоочуларын Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркиядагы шайлоочуларды май айындагы президенттик шайлоодо азыркы президент Режеп Тайып Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү. Мирзиёев бул сөзүн 16-мартта Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитинде айтты “Бардык боордош элдерибиздин атынан түрк калкын келе жаткан шайлоодо урматтуу Режеп Тайып Эрдогандын талапкерлигин толук колдоого чакырам.Заманбап, кубаттуу Түркиянын ийгиликтери жана жетишкендиктеринде урматтуу президенттин сиңирген эмгеги жогорку баага татыктуу”, - деди Мирзиёев. Читать дальше...

Ленин райондук сотунда "Азаттыктын" ишмердүүлүгү боюнча иш каралууда

Azattyk.org 

Бүгүн 17-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининин "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралууда. "Азаттыктын" жактоочусу Тимур Султанов сот жүрүшүн видео-фотого тартууга уруксат сурады. Министрликтин өкүлү буга каршы чыкты. Судья өтүнүчтү жарым-жартылай гана канааттандырып, 10 мүнөт тартууга уруксат берди. Жактоочу өтүнүчүн кайталап келтирди жана уруксат алмайынча уланта берерин белгиледи. Жактоочулар... Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 18-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10, Талас жергесинде түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

“Кыргызнефтегаздын" мурдагы жетекчиси ири акчаны чыгарып кетүүгө шек саналууда

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шек саналып “Кыргызнефтегаз” ишканасынын мурдагы жетекчилиги кармалганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, шектүү күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема түзгөн деп айыпталууда. Кийин аталган фирмалар жоюлуп, 400 миллион сомдон ашык салык төлөнбөй калганы аныкталган. "2017-2020-жылдар аралыгында “Кыргызнефтегаз”... Читать дальше...

“Акыйкат жана эркиндик үчүн” тынч чогулушунда резолюция кабыл алынды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отургандардын жакындары менен тарапташтары уюштурган "Акыйкат жана эркиндик үчүн” тынч чогулушунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анын катышуучулары бийликке бир нече талап койду. Сот реформасын жүргүзүп, соттордун толук көз карандысыздыгын камсыз кылуу; “Азаттык”, Kaktus.media, “ПолитКлиника” жана бардык эркин медиага басым токтолсун; Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темировдун кыргыз жарандыгын калыбына келтирүү; “Кемпир-Абад иши” боюнча камакта жаткандарды бошотуп... Читать дальше...

Исаков: Бийлик Кемпир-Абад иши боюнча ачык сот өткөрсүн

Azattyk.org 

Мурдагы коргоо министри, саясатчы Исмаил Исаков Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отургандардын жакындары менен тарапташтарынын тынч митингинде сөз сүйлөп, бийлик ачык сотту камсыздашы керектигин белгиледи. Ал мындан 21 жыл мурда болгон Аксы окуясын эскерип, анын соңу Үзөңгү-Кууштун берилишине каршы чыккан элге ок аткан бийликтин качышы менен аяктаганын белгиледи. "Бүгүн дагы ошондой окуя кайталанып жатат. Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан бир топ жарандарды камашып, эл аз экен, буларды... Читать дальше...

Аксы окуясы: Боспиек айылында каза тапкандар эскерилди

Azattyk.org 

Бүгүн, 17-мартта Аксы районундагы Боспиек айылында каргашада каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы өттү. Анда Аксы окуясынын жабырлануучулары ошол кездеги бийликтин куралсыз элге ок атканына укуктук баа берилбегенине нааразылыгын билдиришти. "Аксы окуясына түз эле Акаев (Аскар Акаев, Кыргызстандын мурдагы президенти - ред.) күнөөлүү деп айта алам. Ошондуктан Акаевди өлкөгө эркин киргизбей, кылмыш ишин кыскартпастан жоопко тартыш керек. 21 жыл бою күнөөлүүлөр жазасын алган жок", - деди маркум Кадыркул Сапаралиевдин жубайы Айбарча Сатыбекова. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *