Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 24.03.2023

Франция: Пенсия реформасынын айынан миллиондой киши көчөгө чыкты

Azattyk.org 

Францияда пенсиялык реформага каршы нааразылык акциялары бүтүндөй өлкөгө жайылып, ага 100 миңдеген адам катышууда. Акциялар баш аламандык менен коштолуп, муниципалдык мекемелерге өрт коюлуп, жол тосулду. Ал эми Элисей сарайы баштаган реформасынан кайтпай турганын айтып жатат. Парламентти айланып өткөн мыйзам долбоору Бийликтин пенсиялык реформасы жапырт нааразылык менен коштолуп, 23-мартта өлкө боюнча 1,5 миллиондон ашык киши көчөгө чыкты. Нааразылыктын башында турган кесиптик кошуун 3,5 миллионго чейин жеткенин айтышат. Читать дальше...

Кытайдан табылган архивдик документтерди которууга 13 млн. сом бөлүнөт

Azattyk.org 

Кытайдан табылган архивдик документтерди которууга президенттик фонддон 13 млн. сом бөлүнөт. Каражат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен "Мурас” фондунун эсебине жакын арада которуларын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды. Буга чейин “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортууну баштоо үчүн каражат... Читать дальше...

Боом капчыгайындагы өрт басаңдады

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылында талаада тутанган өрт кечки саат алтыдан өткөндө басаңдап, учурда жалынды толук өчүрүү үчүн иш уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Тилсиз жоону өчүрүүгө куткаруучулар, токой чарбасынын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 140тай киши тартылганы маалым болду. Жакынкы калктуу конуштарга коркунуч жок. Министрликтин маалыматына ылайык, жалын болжол менен 50 гектарды каптады. Читать дальше...

Өзгөндөгү жер көчкү: 18 үй бүлө чатырда турат

Azattyk.org 

Франциядагы пенсиялык реформага каршы 100 миңдеген адам нааразылыкка чыгып, акциялар башаламандык менен коштолууда. Кыргызстанда айрым медиа каражаттары Кремлдин расмий видеолорун жана орус телеканалдарынын программаларын көрсөтүп жатат. Кыргызстанды 15 жыл башкарган Акаевдин үй-бүлөлүк системасын уратып, бийлик алмашуу менен аяктаган "Жоогазын ыңкылабына" 18 жыл толду.

Бишкекте милиция кызматкерлери опузалап акча талап кылууга шектелүүдө

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, милиция кызматкерлери массаж жасаган салондордун ээлеринен ай сайын “калкалоо үчүн” деген шылтоо менен системалуу түрдө опузалап акча алып турушкан деп шек саналууда. "Акынын" баасы 500дөн 1000 долларга чейин болгон. Козголгон кылмыш иштин алкагында Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т.... Читать дальше...

Казакстан реэкспортту көзөмөлдөөнү күчөтөт

Azattyk.org 

1-апрелден тарта Казакстан өлкөгө реэкспорт аркылуу кирген товарга онлайн-көзөмөл жүргүзүү системасын колдонууну пландоодо. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жогорку кызматтагы аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады. "Биз экинчи даражадагы санкцияларга байланыштуу тобокелдикти  түшүнүп турабыз, ошондуктан бардык өнөктөштөр менен жүргүзгөн өз ара соодага кылдат көз салабыз", – деген басылманын маектештеринин бири. Казакстандын Улуттук статистика мекемесинин маалыматына караганда, 2022-жылы... Читать дальше...

Март окуясынан кийинки кандуу өлүмдөр

Azattyk.org 

2005-жылдын 24-мартынан кийин Кыргызстанда буюртма адам өлтүрүүлөр көбөйгөн. Айрымдар аны Курманбек Бакиевдин кандуу режиминен көрсө, айрым эксперттер кландык жана криминалдык күрөштөрдүн натыйжасында кан көп төгүлгөн дешет. 2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаев Кыргызстандын бийлигинен кеткенден кийин Курманбек Бакиев эки тизгин бир чылбырды колго алган. Март окуялары жарандардын коррупцияга жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүнүн жеңиши катары гана эмес, андан кийинки буюртма киши өлтүрүүлөрү менен да эсте калган. Читать дальше...

Министрлик дыйкандарга дизел отуну 65 сомдон сатылып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Дыйкан-фермерлерге дизел отуну 65 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, дыйкандарды мамлекеттик колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Red Petroleum компаниясына 3 млн. литр күйүүчү май берип жатат. Аталган мекеме жакын арада кошумча дагы 3 млн. литр дизел отуну берилерин кабарлады. Мындан сырткары, министрлик айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн 282,5 тонна пестициддер ташылып келингенин билдирди. Читать дальше...



Акыйкатчы абактагы Клара Сооронкулованын саламаттыгына көңүл бурууга чакырды

Azattyk.org 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова укук коргоо органдарын Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын саламаттыгына көңүл бурууга чакырды. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 24-мартта Сооронкулова менен жолукканын, ал операциядан соң реабилитацияланууга муктаж болуп жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ал ошондой эле абактын шартынын начар экени боюнча да арызданган. "Клара Сооронкулова операция болгонуна карабай... Читать дальше...

Түндүк Корея суу алдындагы өзөктүк куралын сыноодон өткөрдү

Azattyk.org 

Түндүк Корея өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү суу алдындагы куралын сыноодон өткөргөнүн түштүк кореялык "Ренхап" маалымат агенттиги жазды. "Корея үнү" белгилегендей, Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын катышуусундагы сыноо 21-23-март күндөрү Түштүк Хамген провинциясында өттү. Түндүк Кореяда бул куралды "суу алдында кол салуучу аралыктан башкарыла турган "Хэир катери" деп аташат. Маалыматка караганда, согуштук аракеттер учурунда ал "суунун алды менен ыкчам акваторияга жашыруун сүзүп барып, каршылаштын... Читать дальше...

Боом капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө 100дөн ашуун адам тартылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында ачык талаада өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, 28 куткаруучу жана токой чарбасынан 2 мотопомпа, 16 кызматкер иш алып барууда. Ошондой эле Көк-Мойнок айылынан 50 тургун, темир жол кызматынан 20 адам тартылган. Социалдык тармактарда колдонуучулар Боом капчыгайындагы өрттүн сүрөт, видеолорун жарыялап жатышат. Алардын айтымында өрт куурайды... Читать дальше...

"Түркиянын Гандиси" Эрдоганды ээрден оодарабы? 

Azattyk.org 

14-майда Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт. Оппозициялык альянс Улуттук-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну президенттикке талапкер катары көрсөттү. Буга чейин эки президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Режеп Тайып Эрдоган кайрадан шайлоого бел байлады Өлкөдөгү алдын ала сурамжылоолор Кылычдароглунун рейтинги өсүп жатканын көрсөтүүдө. Оппозиция Эрдоганга каршы бирикти Эрдоган бийликтеги АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста шайлоого барат. Читать дальше...

Коммерциялык банктардын уставдык капиталын аныктаган токтом чыкты

Azattyk.org 

Улуттук банк 15-мартта “Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө” токтом кабыл алганын жарыялады. Документке ылайык, жаңы ачылып жаткан коммерциялык банкта 1 миллион сомдон кем эмес уставдык капиталы болушу керек. Бул талап чет элдик банктардын жаңы филиалдарына да тиешелүү болот. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда); 2023-жылдын 1-апрелинен тартып – 600 млн. сом; 2024-жылдын 1-июлунан тартып – 800 млн. Читать дальше...

Бишкекте ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабаралды. Маалыматка караганда, райондун акимдери мечиттердин имамдары, ири кафе, ресторан, тойканалардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө. Жолугушууда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө кардарларга үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын, диний ырым-жырымдарды өткөрүү, орозо учурунда кечки тамактанууларда... Читать дальше...

Өзгөндө көчкүдөн улам коопсуз жайга көчүрүлгөндөр үчүн чатырлар тигилди

Azattyk.org 

Өзгөн районунда жер көчкүдөн улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундарга 18 чатыр тигилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Чатырлар кооптуу жерден 2 чакырымдан ашык алыс аралыкта жайгашып, тургундар таза суу жана электр энергиясы менен камсыз болууда. 23-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына көчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматына караганда, Кызыл-Күңгөй... Читать дальше...

Өзбекстан терроризм коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына кошулду

Azattyk.org 

Экономика жана тынчтык институтунун "Global Terrorism Index 2023" деп аталган жаңы баяндамасында, Өзбекстан терроризм тобокелдигине байланышкан абалы начарлаган өлкө деп бааланды. Өзбекстан террордук коркунуч рейтингинде 163 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашкан. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстанга салыштырмалуу Тажикстанда гана терроризм тобокелдиги жогору деп табылып, 50-орунга жазылган. Баяндамада Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстан терроризм коркунучу жок өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Читать дальше...

"Док-1 Максты" чыгарган индиялык компаниянын лицензиясы токтотулду

Azattyk.org 

"Док-1 Макс" сиробун чыгарган индиялык Marion Biotech компаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. Уттар-Прадеш штатынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө департаменти ушундай чечим кабыл алганын, бул жагдай Өзбекстанда ушул сиропту ичкен бир канча баланын өлүмүнө байланыштуу экенин Hindustan Times гезити жазды. Маалыматка ылайык, марттын башында полиция компаниянын өндүрүш жетекчисин жана эки илимий кызматкерин камакка алган. Учурда ишкананын дагы эки жетекчиси изделүүдө. Буга чейин "Азаттык" Дүйнөлүк саламаттыкты... Читать дальше...

“Азаттыктын” иши: сот экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырды

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева бүгүн, 24-мартта Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык” боюнча арызын карап, 2022-жылдын 16-сентябрындагы “Настоящее время” телеканалындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Анда “Настоящее время” телеканалынын Баткендеги окуялар боюнча эфиринде улут аралык кастыкты козуутунун жана согушту пропагандалоонун белгилери барбы деген мүнөздөгү суроо коюлат.

25-мартта күн ачык болот

Azattyk.org 

24-27-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк, Кара-Гөө ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. 25-мартта жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Читать дальше...

Бишкекте Борбор Азия боюнча IT бизнес-форуму өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн 24-мартта Борбор Азиянын IT потенциалын көрсөтүүгө багытталган форум өтүп жатат. Күн тартибинде жасалма интеллект, блокчейн технологиялары, экспорттук потенциал жана IT жаатындагы билим берүү темаларына арналган талкуулар бар. Форумга Кыргызстандын өкүлдөрүнөн тышкары Өзбекстандан, Казакстандан, АКШдан, Жапониядан, Түштүк Кореядан, Германиядан жана башка өлкөлөрдөн келген ири бизнес жана IT өкүлдөрү катышууда. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты - Борбор Азия чөлкөмүнүн... Читать дальше...

Ленин райондук сотунда "Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу доо арыз каралып жатат

Azattyk.org 

Бүгүн 24-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу доо арызы каралып жатат. "Азаттыктын" адвокаттары Маданият министрлигинин экспертиза боюнча өтүнүчүн четке кагууну суранды. Сот кеңешүүгө кетти. 17-марттагы соттук териштирүү учурунда министрликтин өкүлү эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалында улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун... Читать дальше...

Орто-Токой чакан ГЭСин куруу келишимине кол коюлду

Azattyk.org 

Кыргызстан Орто-Токой чакан ГЭСин Кытай менен бирге курмай болууда. Бүгүн 24-мартта «Чакан ГЭС» ишканасынын башкы директору Нурлан Садыков жана China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг келишимге кол коюшканын Энергетика министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу станция өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат. Келишимдин шарттары... Читать дальше...

Кулов Март ыңкылабынын себептери, Бакиев менен тандеми тууралуу

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов 24-март - Март ыңкылабынын күнүнө карата бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларды эскерип "Азаттыкка" маек курду. - Март ыңкылабынан бери дээрлик 20 жылдай убакыт өттү. Ошондон бери көптөгөн жарандар, эксперттер, саясатчылар ал окуяларга башкача да баа бере баштады. Сиз ошол окуялардын Кыргызстандын тарыхындагы таасирине кандай баа бересиз? - Менимче, бул окуяларга баа берүү дагы алдыда. 2005, 2010-жылдагы жана 2020-жылдагы... Читать дальше...

Башкы прокуратура: "Бишкекасфальтсервисте" 7,6 миллион сомдук жемкорлук аныкталды

Azattyk.org 

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасындагы 2020-2022-жылдардагы жемкорлукка байланыштуу кылмыш иши козголгонун бүгүн 24-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аталган ишкананын жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлери жеке пайда көрүү максатында кызматтык абалынан пайдаланып, тоорук сынагын өткөрбөстөн жана тийиштүү документтерди толтурбастан 2020-2022-жылдар аралыгында башкалар аркылуу 7,6 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын өзүнө алып алышкан. Читать дальше...

Бишкек: Орусия жарандары түзгөн кыймыл жабылганын жарыялады

Azattyk.org 

Бишкекте Орусиядан келген ыктыярчылар жана мигранттар түзгөн «Красная крыша» долбоору жабылганы жарыяланды. Бул тууралуу аталган бейформал кыймылдын Инстаграмдагы баракчасында маалымдалып, себеби катары жергиликтүү күч органдарынын басымы көрсөтүлдү. Аймактык милиционер, Салык кызматынын жана “Бишкексууканал” ишканасынын өкүлдөрү аларга кайра-кайра бара бергени, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери аларды депортация кылабыз деп коркутканы, артынан аңдуу болгону белгиленди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *