Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 11.03.2023

Салык кызматы Ошто соодагерлер алган эскертүү боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы мекеменин Ош шаардык башкармалыгынын соодагерлердин митингге чыгуусуна чек койгон эскертүүсү боюнча түшүндүрмө берип, буга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдады. Мунун алдында социалдык түйүндөрдө Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Майрамбек Карыбековдун атынан базарларга жана соода жайлардын администрацияларына жазган каты жарыяланган. Анда ал базар ээлеринен соода түйүндөрүн ижарага алгандар ар кандай митингдерге катыша турган болсо, алар менен келишимди токтотууну талап кылган. Читать дальше...

Кыргызстандын паспортун сатып алгысы келген орусиялык жаран кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын эл аралык издөөдө жүргөн К.А.В. аттуу жараны Бишкек шаарынын аймагында кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору кабарлады. Маалыматта айтылгандай, ал жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөп жүргөн. К.А.В. Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат. Ошондой эле Орусия Федерациясынын ФСБсы аркылуу “каракчылык”, “бандитизм”... Читать дальше...

Кыргызстандын экономикасы эки айда 6% өстү

Azattyk.org 

Кыргызстандын ички дүң продукту (ИДП) 2023-жылдын январь-февралында 111 миллиардга жакын сомду түзүп, өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 6% өсүш катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети эки айдын баштапкы жыйынтыгын чыгаргандан кийин маалымдады. Мунун ичинен товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 9,6% жогорулады, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактарда 3,9% өсүү болду. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДП) 2023-жылы 3,9%, 2024-жылы 4% өсөт деген жоромолун расмий түрдө жарыялаган. Читать дальше...

Нарында ишкерлер президентке ККМ боюнча даттанышты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты кабарлады. Жапаров облустук администрациянын имаратында өткөн жумушчу жыйын аяктагандан кийин Мамлекет башчы ал жакта чогулган адамдар менен жолугуп, баарлашты. Жергиликтүү тургундар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүүнү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшүн, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрүн, ошондой эле жеке маселелерди көтөрүштү. Читать дальше...

Кытайдын өкмөт башчылыгына шанхайлык Ли Цян дайындалды

Azattyk.org 

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери – өкмөт башчы кызматына Коммунисттик партиянын Шанхай шаардык комитетин башкарган Ли Цян дайындалды. Анын талапкерлигин 11-мартта Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытай кеңешинин 3 миңдей депутатынын дээрлик баары колдоду. Үчөө каршы, сегизи калыс болду. 10-мартта депутаттар Си Цзинпинди Кытайдын төрагасы кызматына кайрадан бир добуштан шайлаган. 63 жаштагы Ли Цян өткөн жылдын жаз айларында COVID-19 пандемиясы курчуп турган маалда Шанхайдын калкын иш жүзүндө изоляцияда кармап... Читать дальше...

АКШда ири банктын жабылышы Уолл-стритте дүрбөлөң жаратты

Azattyk.org 

АКШнын федералдык бийлиги америкалык ири Silicon Valley Bank банкын жабуу чечимин кабыл алгандан кийин жарандар шашылыш түрдө акчасын чыгарып кете баштады. Силикон өрөөнүндөгү стартаптарды каржылап, тейлеген Silicon Valley Bank мекемесиндеги көйгөйлөр тууралуу шаршембиде белгилүү болгон. Анда банк салымчылардын каражатын мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга жумшап, ири суммада активин жоготуп алганы маалымдалган. Баалуу кагаздардын баасы Федералдык резервдер системасынын эсептик ченди көтөрүү чарасынан улам арзандап кеткен. Читать дальше...

Ош облусунда курал-жарак жана ок-дары сакталган жай табылды

Azattyk.org 

Ош шаарынын “Амир-Тимур” кичи районунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады. Мунун алдында Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (террордук акт) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтенип жаткан. Жашыруун жайда желим баштыктан “револьвер” үлгүсүндөгү бир даана (8мм) тапанча, италиялык өндүрүштөгү бир даана (8 мм) тапанча, чет элдик өндүрүштөгү бир даана тапанча (9 мм) алынды. Читать дальше...

Эркек мүнөз кыздын махабаты

Azattyk.org 

Бир үйдө жалгыз калган кыздын бактысы айылдын өзүндө экен. Бактысы кандай капыс келсе ошондой тейде колдон суурулуп жок болду. Казак жазуучусу Сайын Муратбековдун “Уултууган” аңгемесин чогуу окуйбуз. Жүлжүрөк айнек Оорунун азабынан төшөк тартып сөөгү эле калган атасын акыркы жайына коюп келгенден кийин элдин көбү тарап кетти. Уултуугандын жанында жакындары гана калып, алар да үч күндөн кийин кайгыга баткан кызды жубатып, үй тирилигин шылтап кетишкен соң үйүндө чындап жалгыз калды. Атасынын өлгөнүнө эми ишенди. Читать дальше...

"Окурманды адамдын ички дүрбөлөңү кызыктырат"

Azattyk.org 

Филология илимдеринин доктору, профессор, психологиялык прозанын чебери атыккан жазуучу Бейшебай Усубалиев «Түркүк», «Көз», «Түтүн», «Түн» өңдүү жоон топ аңгеме, повесттери менен таанымал. Бейшебай Усубалиев менен Бурулкан Сарыгулова адабий айдыңдагы бурулуштар, кубулуштар, окурман менен калемгердин мамилеси, табити тууралуу “сыябан-маек” курду.

Садыр Жапаров ири курулуштарга Хабибулла Абдукадырдын байланышын комментарийледи

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көп тармактуу бизнес борбордун жана ири мечиттин курулуштарына ысымы чуу жараткан бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын байланышы тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу пикирлерин мамлекет башчы “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган кыска маегинде айтты. Жапаров аталган эки курулушту куруп жаткан инвесторлордун арасында Абдукадыр да бар экенин ырастап, мейманкананы алар мурда сатып алган жерине курушарын, ал эми мечитти сооп үчүн акысыз салып бере турганын тактады. Читать дальше...

Акылбек Жапаров Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга жолукту

Azattyk.org 

Өзбекстанда жумуш сапары менен жүргөн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздарга жолукту. Бул тууралуу маалымат кыргыз өкмөтүнүн сайтында жарыяланды. Акылбек Жапаров Манас айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү кыргыз бийлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ал Өзбекстандын бийлигинин ал жактагы кыргыздардын жашоо-шартын оңдоп жатканы кубандырарын айтып... Читать дальше...

Түркияга жардам эсебине 100 млн. сомдон ашык каражат чогулду

Azattyk.org 

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 100 млн. 559 400 сом, 18 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги сайтына жарыялады. Жабыркагандар үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алат. Андан сырткары, Кыргызстанда өз алдынча акчалай жана гуманитардык жардам чогулткандар бар. Түркиянын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *