Садыр Жапаров Түрк мамлекеттери уюмунун кезексиз жыйынына катышуу үчүн Анкарага барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн 15-мартта Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн Анкарага барды. Түркиянын борбор шаарында ал өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган менен да өзүнчө жолугушуп, сүйлөшөрү пландалууда. ТМУ саммити бул жолу “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” темасына арналууда. Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев... Читать дальше...