Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 07.03.2023

Демократ студенттен жаратман ишкер сересине жеткен айым

Azattyk.org 

Адатта Ала-Тоодогу ишкерлер чөйрөсүндө жаратман эркектер тууралуу сөз көп жүрөт. Арийне, демилгелүү айымдарсыз бүгүнкү кыргыз ишкердик дүйнөсүн элестете албайбыз. Ошондой айымдардын бири – Жаңылсынзат Турганбаева тууралуу чакан баянды сунуштайбыз. Эгемен Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө (диаспоралык топтордо) байсалдуу ишкердик, укук коргоочулук жана коомдук-саясий ишмердик менен алектенген жаратман жана каарман айымдарыбыз арбын, бул жаатта элибиздин уучу куру эмес. Ал ишкер айымдар каяктан чыгышат? Читать дальше...

Чүй, Нарын облустарынын милиция башчылары алмашты

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сапарбек Асаналиев  Нарын облустук милиция башчысы болуп дайындалды. Дамирбек Исаков Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчылыгынан кетип, Чүй облустук милициясына жетекчи болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 7-мартта Нарын облустук милициясынын башчысы Канат Жумагазиев кызматтан кетип, президенттин Чүй облусундагы атайын өкүлү болуп дайындалган. Ал буга чейин ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Читать дальше...

Беларус журналисттеринин ассоциациясы “экстремисттик уюм” деп табылды

Azattyk.org 

Беларус журналисттеринин ассоциациясы “экстремисттик уюмдардын” тизмесине киргизилди. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, беларус Мамлекеттик коопсуздук комитетинин 28-февралдагы токтомуна ылайык, Ички иштер министрлиги "экстремисттик уюмдардын" тизмесин жаңылады. Беларус журналисттер ассоциациясынын сайтындагы маалыматка ылайык, бул уюм кесипкөй журналистика менен алектенгендердин жана журналистиканын өнүгүшүнө колдоо көрсөткөндөрдүн ыктыярдуу, бейөкмөт бирикмеси. 1995-жылдын күзүнөн... Читать дальше...

Мектеп: Мугалимдин кадыр-баркы, окуучунун тарбиясы

Azattyk.org 

Бишкектеги мектепте окуучулар мугалимди мазактап, телефонго тартып түз эфирде көрсөткөн окуя талкуу жаратты. Тасмада балдар мугалимдин айтканын укпай, орунсуз сөздөрдү сүйлөп, класста бейбаштык кылганын көрүүгө болот. Бул мектепке министр Каныбек Иманалиев барып, видеону тарткан окуучу мугалимдерден кечирим сурады. Бул окуя парламент бейбаш окуучуларды жана ата-энелердин жоопкерчилигин караган мыйзамды кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөндөн кийин болду. Буга чейин да интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып... Читать дальше...

Германияда тажик жараны “ИМ” тобун каржылаган деп айыпталууда

Azattyk.org 

Германиянын Гамбург шаарында 29 жаштагы тажикстандык жигит "Ислам мамлекети" террордук тобун каржылаган деп айыпталууда. Шаардык прокуратуранын корутундусунда анын аты-жөнү аталган эмес. Тажик жараны 2020-жылдын башынан бери "Ислам мамлекети" тобунун Сирияда жана Иракта камакка алынган мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөн башка донорлор менен байланышта болгону белгиленген. Hamburger Abendblatt басылмасы жазгандай, анын максаты "Ислам мамлекети" тобунун өлтүрүлгөн мүчөлөрүнүн жесирлери менен жетим калган балдарына... Читать дальше...

Акылбек Жапаров: Аткезчилик менен кармалган товар мамлекетке алынат

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткезчилик менен кармалган товарлар мамлекетке алынарын билдирди. Бул тууралуу ал жаңы салык саясаты боюнча ишкерлер менен жолугушууда айтканын 7-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. “Азыр Луговойго барып бир КамАз товарды алып келип “Ош” базарына, “Дордой” базарына таштап кетип калгандар болбойт. Машинесин да кармап товарын мамлекетке алып атабыз. Аткезчилик товар толугу менен мамлекетке алынат”, - деди Акылбек Жапаров. Кыргызстанда салыктын... Читать дальше...

"Журналисттик этика сакталган". Сот "Азаттыктын" арызын четке какты

Azattyk.org 

7-мартта Бишкектин административдик соту "Азаттык Медиа" мекемесинин Маданият министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын канааттандырган жок.  Буга чейин бир нече жолу ар кыл себептер менен улам башка күнгө жылдырылган иш боюнча чечим бүгүн чыгаарын "Азаттыктын" адвокаттары күткөн эмес. Ошентип ишти караган судья Акылбек Досалиев өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына байланыштуу бул жараянды аягына чыгарды. Министрликтин мыйзамсыз чечими Бул күнү иштин негизги мазмуну боюнча "Азаттыктын"... Читать дальше...

Өкмөт илимдер академиясынын мүчөлөрүнө стипендия бериле баштаганын билдирди

Azattyk.org 

Өкмөттүн басма сөз кызматы Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттерине жана академиктерине стипендия берүү жанданганын кабарлады. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ага ылайык, ай сайын академиктерге 15 миң сом, мүчө-корреспонденттерге 7500 сомдон төлөнөт. Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Ушул тапта академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Читать дальше...



Ооганстанда кыз-келиндер арасындагы жумушсуздук 25% өстү

Azattyk.org 

2021-жылдын августунан бери талибдер башкарган Ооганстанда аялдардын жумушсуздугу 25% өскөнүн Эл аралык эмгек уюму 7-мартта билдирди. Ошол эле мезгилде эркектердин жумушка орношуу көрсөткүчү 7%  кыскарды. "Талибан"  2021-жылдын августунда бийликке кайтып келгенде бир катар убадаларды берген. Бирок адистер акыркы аракеттер кыймыл диктатуранын режимине кайтып баратканын көрсөтүп турарын белгилешүүдө. Талибдер бийликке келгени кылмышка айыпталгандарды эл алдында жазалоо, өлүм жазасына тартуу, таяк менен уруп жазалаган учурлар көбөйгөн. Читать дальше...

Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды

Azattyk.org 

7-мартта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Мурадин Тешебаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. 50 жаштагы Мурадин Тешебаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Тай айылында туулган. 1996-жылы Ош технологиялык университетин аяктаган. Эмгек жолун 2000-2001-жылдары Кара-Суу райондук кеңешинде иштөөдөн баштаган. Бир топ жыл Оштун облустук администрациясында ар кандай кызматтарда иштеп, 2018-2021-жылы өкмөттүн... Читать дальше...

Канат Жумагазиев Садыр Жапаровдун Чүйдөгү өкүлү болуп дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Чүй облусундагы атайын өкүлү кылып Канат Жумагазиевди дайындады. Аны 7-мартта жамаатка президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Джунушалиев тааныштырды. Жумагазиев буга чейин ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Былтыр жыл аягынан тартып Нарын облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп жаткан, ага чейин Ысык-Көл облустук жана Бишкек шаардык милицияларын башкарган. Президенттин... Читать дальше...

Президенттин Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акими кызматтан алынды

Azattyk.org 

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев кызматтан алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 7-мартта кабарлады. Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Чүй облусунун Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев да кызматынан бошотулду. Президент жер мунапысынын аткарылышы боюнча 6-мартта өткөргөн жумушчу кеңешмеде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды жетиштүү аткарбаганы үчүн эки чиновникти жумуштан алуу тапшырмасын берген. Читать дальше...

Түркия: Эрдоганга Кылычдароглу атаандаш болот

Azattyk.org 

Түркияда 14-майда парламенттик жана президенттик шайлоо болушу күтүлүп жатат. Оппозиция президенттикке Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин көрсөттү. "Эрдогандын оппоненти Кылычдароглу" Дүйшөмбүдө Түркияда алты партиядан куралган оппозициялык "Улуттук альянс" кыймылы президенттикке Кемал Кылычдарогулунун талапкерлигин көрсөттү. Өлкөнүн биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрк түптөгөн Улуттук-республикалык партияны жетектеген 74 жаштагы саясатчы шайлоодо утуп чыкса алты партиянын лидерлери вице-президент макамын аларын убада берди? Читать дальше...

Рита Карасартова президент Жапаровго абактагы аялдар боюнча кайрылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча “жапырт башаламандык уюштурууга” шек саналып абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартова президент Садыр Жапаровго кайрылып, камактагы аялдарды чыгарууну суранды. Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган катта, өзү эч качан мамлекетке каршы иш жасабаганын, өмүр бою адам укугу, адам эркиндиги үчүн күрөшүп келатканын жазган. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселеде “Ата-Мекенди коргоо катары пикирлеш адамдар менен, бийликтин саясатына каршы келсе да, элге өз позицияларын ачык айтканын” билдирген. Читать дальше...

Садыр Жапаров жеңилдетилген насыяга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 7-мартта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматы анда министрликтин учурдагы иштери, жазгы айдап-себүүгө даярдыктан кабар алып жана жер семирткич, лизингге техника алуу, сугат суу өңдүү маселелерди талкуулады.   "Садыр Жапаров дыйкан-фермерлерлер мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, жеңилдетилген насыяларды берүүгө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды",-деп жазылган маалыматта. Былтыр дыйкан-фермерлерге деп бөлүнгөн жеңилдетилген... Читать дальше...

Мирзиёевге Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн акыркы варианты берилди

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн акыркы варианты сунушталды. Мамлекет башчысы 6-мартта парламенттин депутаттары, сенаторлор жана Жогорку соттун жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Анда Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланды. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, депутаттар коомчулуктан келген 200 миңден ашуун сунушту карап чыккан. Анын жыйынтыгында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун акыркы варианты даярдалды. Читать дальше...

Министр Иманалиев мугалимди шылдыңдаган видео тартылган мектепке барды

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкек шаарындагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназияга барып, сабак учурунда социалдык тармакка түз эфирге чыгып, мугалимди шылдыңдаган окуучу менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Окуучу түз эфирдеги жоругу үчүн мугалимден жана жалпы мектептин окутуучуларынан кечирим сурап, мындай окуяны экинчи кайталабоого сөз берген. Каныбек Иманалиев жетекчиликке балдар жана ата-энелер үчүн психологдор менен жолугушуу уюштурууну... Читать дальше...

Бишкекте окуучу түз эфирде мугалимди мазактаган окуянын чоо-жайы териштирилүүдө

Azattyk.org 

Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушундагы №91 гимназия мектебинде окуучу түз эфирде мугалимди мазактаган окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. 7-мартта мектепке билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев  барып, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары менен жолугуп кеткени маалым болду. Мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Назира Акматова балдар жана ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, окуучу сабак учурунда эмне үчүн телефон алып жүргөнү териштирилип жатканын... Читать дальше...

Имран Хан өзүнө каршы иш каралган сот отурумуна келбей койду

Azattyk.org 

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан өзүнө каршы коррупциялык айыптоолор каралган сот отурумуна келген жок. Иш 7-мартта Исламабад сотунда каралмак. Хандын келбей коюшу камакка түшүүдөн коргонуу үчүн жасалган аракет деп сыпатталууда. Судья Зафар Икбал мурдагы өкмөт башчыны отурумга келүүгө милдеттендирген. Ага кызматта турганда мамлекеттик белектерди жана аларды сатуудан түшкөн каражатка алган мүлкүн жашырган деген айып тагылууда. Ушул эле судья өткөн аптада Ханды камакка алууга ордер чыгарган. Читать дальше...

Орусиянын мунай жана газ кирешеси 2023-жылы дээрлик эки эсе кыскарды

Azattyk.org 

Орусияда быйыл январь-февраль айларында мунай жана газдан түшкөн киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46% кыскарды. Өлкөнүн Каржы министрлиги муну Urals мунайынын арзандашына жана газ экспортунун кескин кыскарышына байланыштырууда. Бул жагдайга Батыштын Москвага жарыялаган экономикалык санкциялары, Орусиянын “дос эмес” өлкөлөр менен кызматташууну каалабаганы жана “Түндүк агым” газ куурунун жабылышы себеп катары көрсөтүлгөн. Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, орусиялык Urals... Читать дальше...

Мурзапар Үсөндүн өрүктүү өрөөндө калган изи

Azattyk.org 

Ушул жылдын 22-январында белгилүү сүрөткер, көп түрдүү өнөр ээси Мурзапар Үсөн актыкка моюн сунду. Баткендин Кара-Булак айылында төрөлүп, ошол жерде өмүр кечирген жазуучу ондон ашуун роман, повесть, драмалык чыгармаларды жараткан, Муз-Булак чыгармачылык коругун негиздеп, ал жерди туристтик жайга айланткан. Муз-Булак икаясы Мындан бир топ жыл мурун өрүкзарлуу Баткенге иш менен барып кайтарда Кара-Булак айылын аралай өтүп капчыгайдын бир колотун ээлеген Мурзапар акенин ажайып Муз-Булагын, бийик кырдагы Жазуучулар үйүн... Читать дальше...

Аба ырайы: жаан жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 8-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22, Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11... Читать дальше...

Жер мунапысы тууралуу өкмөттүн токтомунун 27-пункту жоюлду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өкмөттүн 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Президент Ак-Ордо конушуна күтүүсүз барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөндө бул токтомдун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон. Президент бул маселени тез арада чечип... Читать дальше...

Кыргызстанда алгачкы жолу сурдокотормолуу көркөм тасма чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда биринчи жолу сурдокотормо менен коштолгон толук метраждуу көркөм тасма жарык көрдү. “Келин темир эмес” деп аталган комедия жанрындагы бул тасма угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жергиликтүү кинотеатрлардан көрүүгө ылайыкташып тартылган.  Сурдокотормо - бул майыптыгы бар адамдарга колдун жана манжалардын кыймылы менен кепти түшүндүрүү ыкмасы. “Келин темир эмес” көркөм фильминин бет ачары 6-мартта Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында өттү. Анда кайнене менен келин темасы көтөрүлүп... Читать дальше...

Кыргызстандагы фемицид тууралуу иликтөө кайталап жарыяланды

Azattyk.org 

Аялдардын эл аралык күнүн утурлай бүгүн 7-мартта “Сорос-Кыргызстан” фонду зордук-зомбулукка кабылган, өлтүрүлгөн аялдар боюнча эки жыл мурда жүргүзүлгөн иликтөөнү кайталап жарыялады. “8-март эл аралык аялдар күнү мырзалар айымдарга куттук айткан майрам алдында көбүрөөк кыргызстандыктар иликтөөдө сөз болгон фемицид тууралуу кабар алсын деген максатта бул маалыматты жарыялап жатабыз. Жакында 17-февралда үч адам катары менен киши колдуу болгон окуя кайрадан өлкөбүздүн үрөйүн учурду. Бул кылмыш өзгөчө... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *