Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 22.03.2023

Борбор Азияда жер титирөөнүн күчү алты баллга жетти

Azattyk.org 

21-мартта Ооганстан менен Пакистанда болгон жер титирөөдө кеминде 13 киши набыт болду. Силкинүү Борбор Азияда да сезилди. 50 миң доллар пара алууга шек саналып экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кайра кармалды. 13 жаштагы кыздын иши Жогорку Сотко жетти.

Активисттер эл аралык коомчулукту Рахмон менен адам укуктарын талкуулоого чакырышты

Azattyk.org 

Тажикстандык жарандык активисттер тобу БУУнун расмий өкүлдөрүнөн президент Эмомали Рахмондун Нью-Йоркко сапары учурунда өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулоону суранышты. 20-мартта Рахмон БУУнун Суу конференциясына катышуу үчүн АКШга барган. Активисттер кайрылуунун көчүрмөсүн "Озоди" радиосуна жөнөткөн. Каттын авторлору коопсуздуктан улам аты-жөнүн ачыкка чыгарышпайт. БУУнун Суу конференциясынын сессиясы 22-24-мартта Нью-Йоркто Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт. Жыйынды Тажикстан... Читать дальше...

Бажы кызматы кармалган алты кызматкери боюнча комментарий берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматы коррупцияга шек саналып кармалган кызматкерлер тууралуу комментарий берди. Мекеменин сайтына чыккан маалыматта бул кылмыш ишинин материалдары Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун жеке көзөмөлүндө экени айтылат. Андан тышкары Кытайдан эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүү боюнча коррупциялык схеманы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы чогуу аныктаганы белгиленген. УКМК 18-мартта... Читать дальше...

Аксы ооруканасындагы кырсык өрт коопсуздугун эске салды

Azattyk.org 

13-мартта Аксы аймактык ооруканасында өрт чыгып, 100дөй бейтап эвакуацияланган. Бул окуя ооруканалардагы өрт коопсуздугун эске салды. Чатыры толугу менен күйүп кеткен оорукана 4,5 миллион сомго чукул чыгым тартканы белгилүү болду.

Кемпир-Абад иши: Абакта отургандар президентке кайрылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын тергөө абагында отурганына туура беш ай болду. 2022-жылдын 23-октябрында кармалган саясатчылар менен активисттерге тагылган айыптар сот тарабынан далилдене да, четке кагыла да элек. Аларды эркиндикке чыгаруу боюнча бир нече жолу сөз болгону менен, азырынча ишке ашпай келет. Ал тапта Human Rights Wacht уюму бул иште мыйзам бузуулар бар экенин эскертти. Былтыр 23-октябрда бийликти күч менен басып алууга айыпталып камалган 27 активист, саясатчылар абакка отурганына... Читать дальше...

Зордукталган секелек: сот алдындагы үнсүз акция

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жогорку Сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин иши каралды. Коомчулукта чуу жараткан бул иш каралып жатканда укук коргоочулар сот имаратына жакын жерде акция өткөрдү. Алар өспүрүмдү зордуктаган күч кызматкерлерин катаал жазага тартууну талап кылышты. "Сот адилетсиздигинин кесепети кооптуу" "Жаш өспүрүм кызды узак убакыт бою зордуктап келгени айтылып жаткан эки милиция кызматкерине карата райондук соттун 15 жылдык жаза мөөнөтүн Бишкек шаар соту жаңы жылдык майрамды утурлай... Читать дальше...

Бажыда эл керектөөчү товарлар байпак катары катталган факты аныкталды

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматы “Түндүк-Чыгыш” бажысында товарды жалган декларациялоо фактысы аныкталганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Кытайдан “Н.О.Л.” компаниясына “Volvo” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен документ боюнча байпактар келген. Бирок машинени текшерүүдө декларациядан өтпөгөн эл керектөөчү товарлар табылган. Соода-өнөр жай палатасы товардын орточо базар баасын 21 миллион 131 миң сом деп баалап, мамлекетке келтирилген зыянды 5 миллион 756 миң сом деп эсептеген. Бул факты... Читать дальше...

Депутат Ормонов Кемпир-Абаддын жээгиндеги айылдарга 60 млн. сом бөлүнгөнүн айтты

Azattyk.org 

Оштун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде жайгашкан беш айыл өкмөткө 60 миллион сом бөлүнгөнү кабарланды. Бул тууралуу 22-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Өзгөндө эл менен жолугушууда айтканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, каражат Кемпир-Абад суу сактагычын пайдаланууда суу каптоонун кесепетин жоюуга жумшалат. Акча райондук администрациянын эсебине которулуп, анын сарпталышын атайын комиссия көзөмөлдөйт. Президент Садыр Жапаров... Читать дальше...



"Асман" шаарын куруу боюнча дирекция президенттин иш башкармалыгына өтөт

Azattyk.org 

"Асман" шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясы президенттин иш башкармалыгынын карамагына өтөт. Тийиштүү чечим 22-мартта Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бул чечим натыйжалуулукту жогорулатууга жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен шаар куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга багытталган. Министрлер кабинетинин дагы бир чечими менен “Бишкек штамптоочу завод” мамлекеттик ишканасынын... Читать дальше...

Өзгөндө жер көчкү жүрүп, 18 үйгө коркунуч жаралды

Azattyk.org 

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде 22-мартта таңга маал болжол менен 1 млн. метр куб жер көчкү түштү.  18 турак турак жайга коркунуч пайда болду. Көчкү үйлөргө 300 метрдей гана жетпей калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Маалыматка караганда, көчкү түшкөн аймак Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Учурда айыл өкмөтү жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына эскертүү жарыяланып, алдын алуу иштери жүрүп жатат. Читать дальше...

" Спортчулар карызга билет алып мелдешке барчу"

Azattyk.org 

18-мартта "Азаттыктын" эфирге чыкканына 70 жыл толду. Ага байланыштуу бул ирет студиябызга "Азаттыктын" ардагер спорт журналисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кабыл Макешовду чакырдык. Ал өз ишмердигинде “Азаттык” спорт тармагына кандай көңүл бөлгөнү тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Назгүл Осмонова: Феникстей кайра жаралып учам деп ойлойм

Azattyk.org 

Кыргыз адабий айдыңында көркөм чыгармаларды кыргыз тилине оодарган аял котормочулар сейрек. Жакында эле кыргыз окурмандары үчүн Рюноскэ Акутагава, Гарсиа Маркес, Иван Бунин, Лао Ма ​сыяктуу дүйнөлүк классик жазуучулардын чыгармалары акын Назгүл Осмонованын котормосунда китеп болуп чыкты. Андан тышкары психология, саясат багытындагы бир топ эмгектерди да которгон. Чоң эмгектерди которуу түйшүгү жана адабияттын азыркы доордогу ролу кандай? Акын жана котормочу Назгүл Осмонова менен ушул темада маек курдук. Читать дальше...

Наристени сабап, кыйнаган кишинин өкүмү өзгөрүүсүз калды

Azattyk.org 

Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишинин өкүмү өзгөрүүсүз калды. “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, апелляциялык арыз 22-мартта Чүй облустук сотунда каралып, райондук соттун “балага зордук көрсөтүп, кыйноо үчүн беш жылга эркинен ажыратуу” деген өкүмү ошо бойдон калтырылды. Былтыр июнь айында Сокулук райондук соту эки жаштагы Егорду сабоого айыпталып жаткан 35 жаштагы Александр Самаркинди беш жылга эркинен ажыраткандан кийин облустук сотко апелляциялык арыз берилген. Читать дальше...

Иранда өкмөткө каршы чыккандарга аёосуз күч колдонулду

Azattyk.org 

Ирандын батышындагы күрттөр байырлаган бир нече шаарда Нооруз арапасында өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга каршы күч колдонулду. Махабад, Ошнавие, Букан, Пираншахр, Сакез, Санандаж жана Дехголан өңдүү калааларда 20-мартта нааразылыкка чыккандарга коопсуздук күчтөрү аёосуз мамиле кылганы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланды.  Жергиликтүү булактардын, анын ичинде Hengaw укук коргоо уюму кабарлагандай, Сакез шаарындагы адамдар былтыр сентябрда полициянын камагында каза болгон 22 жаштагы Махса Аминин мүрзөсүнө чогулушкан. Читать дальше...

Чек ара чырында каза болгон жоокердин үй музейи ачылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2022-жылы сентябрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон 22 жаштагы жоокер Даниэлбек Малашовдун үй музейи ачылды. Анын ысымы эки көчөгө да берилди. Музейде Даниэлбек Малашовдун балалык чагы, жогорку окуу жайдагы жана чек арадагы кызмат учурундагы сүрөттөрү менен кийимдери, колдонгон буюмдары коюлган. Малашов үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу болчу, эжеси жана карындашы бар. Аскердеги мөөнөтү былтыр 11-сентябрда аяктаган. Читать дальше...

Укук коргоо уюмдары Беларуста кармалган тажик активистин бошотууга үндөдү

Azattyk.org 

Тажикстандагы жергиликтүү жана эл аралык тогуз уюм, анын ичинде Human Rights Watch, норвегиялык Хельсинки комитети жана "Вясна" уюму беларус бийлигин саясий активист Низомиддин Насриддиновду Дүйшөмбүгө өткөрүп бербөөгө чакырышты. Укук коргоо уюмдарынын 21-мартта жарыяланган кайрылуусунда, Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын активисти мекенине депортацияланса, катаал мамилеге жана кыйноого кабылышы ыктымал экени айтылат. Буга чейин Беларустун Башкы прокуратурасы Тажикстандын өтүнүчүн канааттандырып... Читать дальше...

УКМК кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтар тарап жатканын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча жергиликтүү калктын ичинде такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар көп тарап жатканын билдирди. Мекеме жарандарды ар кандай ушак-айыңдарга жана ызы-чууга алдырбоого чакырып, 22-мартка карата мамлекеттик чек арада абал туруктуу экенин кабарлады. “Күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирдикте абалдын туруктуу болушуна багытталган иш-чараларды өткөрүүдө. Чек... Читать дальше...

Google компаниясы жаңы Bard чат ботун ишке киргизди

Azattyk.org 

ChatGPT ботунун артынан эми Google компаниясы жасалма интеллектиге негизделген Bard аттуу кызматты ишке киргизди. Азырынча Bard АКШ менен Улуу Британияда гана иштейт жана аны 18 жаштан өткөндөр колдоно алат. Иштеп чыгуучулар азырынча аны эксперимент деп атап, ChatGPT’ге караганда артыкчылыктары жана кемчиликтери бар экенин белгилешүүдө. Былтыр ноябрда америкалык OpenAI компаниясы ChatGPT жасалма интеллектин ишке киргизген. Төрт айга жетпеген аралыкта аны колдонгондор дүйнөдө 100 миллионго жеткени айтылат. Читать дальше...

Кыргызстандан баалуу металлдарды ташып чыгууга чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Министрлер кабинети баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизди. Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анын негизги максаты - ата мекендик зергерчилик тармакты колдоо. Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө жобо боюнча Кыргызстандан мындай металлдарды алып чыгууда 500 кг чектөө киргизилди. Ал алты ай күчүндө болот. Читать дальше...

“Салык чек” лотереясы: Быйыл баш байгеге 10 батир коюлду

Azattyk.org 

23-марттан тартып Кыргызстанда кезектеги “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы башталат. Бул тууралуу “Салык чек” сайты жарыялады. Салык кызматынын маалыматына караганда, быйыл лотерея 1-июлда жана 30-декабрда ойнотулат, байгеге 2376 баалуу белек коюлат. Чектеги ар бир 1000 сом 1 билет деп эсептелип, ага өзүнчө ID номер берилет. Финансылык көзөмөл мекемеси кезектеги лотереяны ойнотууга лицензияны өткөн аптада берди. Сатуучуларды контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган. Читать дальше...

Беларуста саясий туткундардын адвокаттары жапырт кармалууда

Azattyk.org 

Беларуста саясий туткундардын адвокаттары жапырт кармалып жатканын "Азаттык" радиосунун беларус кызматы билдирди. Акыркы эки күндө Артём Семьянов, Юрий Козыков, Владимир Станкевич жана Иван Чижиктин үйү тинтүүгө алынып, кармалган. Чоо-жайы айтыла элек. Шейшембиде "Азаттык" радиосунун беларус кызматы "Беларусь головного мозга" телеграм-каналынын админстратору, 15 жылга эркинен ажыратылган Игорь Лосик жакында эле суицид жасоого аракет кылганын, ооруканага которулбай дагы эле камерада жалгыз отурганын жазган. Читать дальше...

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Маанаев эки айга камалды

Azattyk.org 

Коррупциялык схемаларды түзүүгө шектелген Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, шектүү 15-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин(УКМК) убактылуу тергөө абагында болот. Токтобай Маанаевге кылмыш иши козголгонун УКМК 16-мартта кабарлаган. Атайын кызмат башкы дарыгердин медицина кызматкерлеринен акча талап кылганына байланыштуу 20дан ашуун факты катталганын билдирген. Читать дальше...

Уганда парламенти бир жыныстуу мамиле үчүн өлүм жазасын киргизди

Azattyk.org 

Уганда парламенти бир жыныстуу мамиле үчүн өлүм жазасын киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми ага өлкө президенти кол коюшу керек. Мурдараак мамлекет башчысы кумсалыкты айыптаган билдирүү жасаган. Бул мыйзам менен "бир жыныстуу мамилеге байланышкан ишмердүүлүктү каржылоо, ага үгүттөө" үчүн да өлүм жазасы киргизилет. Азыркы мыйзамдарда Угандада мындай мамилеге баргандар өмүр бою эркинен ажыратылат. Мыйзам долбооруна 389 депутаттын ичинен экөө гана каршы добуш берди. Алардын бири... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: камактагылар президентке кайрылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган саясатчы, активисттер президент Садыр Жапаровго кайрылып, саясий оппоненттер, жарандык коом менен өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча тең укуктуу, ачык-айкын сүйлөшүүгө барууну сунушташты. Кайрылуунун текстин абактагылардын жакындары "Азаттыкка" жөнөтүштү. Алар Кемпир-Абад иши эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган резонанстуу, тарыхый жана саясатташкан иш экенин белгилешкен. Камакта отургандар өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына токтолуп, дүйнөдөгү... Читать дальше...

Памирден Ванга: Рахманкул хандын көчү

Azattyk.org 

Памир кыргыздарынын Түркиянын Ван аймагына жер оодарып, көчүп барганына өткөн жылы 40 жыл толду. Буга байланыштуу Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларында Рахманкул хандын урпактары катышкан илимий иш-чаралар быйыл өттү. Түркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодарган себебин, чоң атасы Рахманкул хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди. Абдулмукадес Кутлу: Биздин Ооганстан Памырынан (ред. Улуу Памир) Түркияга көчүп келгенибизге 41 жыл болду. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *