Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 18.03.2023

Венгрияда ТҮРКСОЙдун сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды

Azattyk.org 

Венгрияда мажар элинин акыны Шандор Петөфинин 200 жылдыгына карата уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйланды. Ар бир жеңүүчүгө 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык, белек-бечкек тапшырылды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун генералдык төрагасы Султан Раев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. "Мажар акыны Шандор Петөфинин “Сүйүү жана азаттык” аттуу ырын өз эне тилдерине которуу сынагына түрк тилдүү өлкөлөрдөн жүздөн ашуун акын, котормочулар катышты. Сынак соңунда ар бир өлкөдөн бирден мыкты котормочулар аныкталып... Читать дальше...

"Азаттык" ашкан 70 жыл

Azattyk.org 

Үстүбүздөгү айда “Азаттык” радиосунун обого чыкканына 70 жыл толууда. “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” кыргыз кызматынын алгачкы берүүсү 1953-жылы 18-мартта ободо жаңырган.

Ботаникалык бак илимдер академиясынын курамында калат

Azattyk.org 

Бүгүн, 18-мартта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, анын учурдагы абалы жана реконструкциялоо пландары менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жапаровго бакты реконструкциялоо долбоорунун алкагында маалымат берилип, анын аймагындагы эки кабаттуу административдик, бир нече чарбалык имараттар, трансформатордук көмөкчордон, күнөсканалар, питомниктер, ирригациялык система жана башка объекттер оңдолору айтылды. Ботаникалык... Читать дальше...

Ташкентте кыргыз-өзбек Коопсуздук кеңештеринин катчылары жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстандын жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары Марат Иманкулов менен Виктор Махмудов Ташкент шаарында консультациялардын экинчи турун өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосундагы жолугушуу жүрүшүндө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен чаралар талкууланды. Мындан... Читать дальше...

Аба ырайы: үшүк жүрөт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет 18-19-март күндөрү Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрө турганын эскертти. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактардын эрте сортторуна коркунуч келтирет. Тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Карагөө ашууларында, Чычкан капчыгайында, Кара-Кулжа – Алайкуу, Арал - Миң- Куш, Каракол-Эңилчек, Барскоон - Ак-Шыйрак автоунаа жол тилкелеринде кар көчкү түшүү коркунучу бар. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Читать дальше...

"Эсимде" аянтчасы уюштурган "Эс тутум өткөөлүндө" жыйыны өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 18-мартта Бишкекте "Эс тутум өткөөлүндө" эл аралык конференциясы өтүп жатат. Аны “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган. Иш-чара алкагында эс тутум жана деколонизация темаларына кайрылган изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер, активисттер, көркөм өнөр ээлери чакырылган. Уюштуруучулардын айтымында, картограф жана изилдөөчү Талгат Жумашев "Токтогул суу сактагычынын айтылбай калган тарахы" деген темада баяндама жасап, Кыргызстандын гана эмес, кошуна эки өлкөнүн дагы экономикасына чоң таасир эткен... Читать дальше...



Бишкекте блогерлердин экинчи курултайы өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте "КурулTime" аталышында кыргызстандык, казакстандык блогерлердин, тиктокерлердин, инфлюенсерлердин экинчи курултайы өтүп жатат. Жыйында медиарыноктогу актуалдуу маселелер, жаңылыктар талкууланууда. Жыйын бир нече бөлүктөн туруп, блогерлер жаңы тренддер менен чакырыктар, блогосферадагы тобокелдиктер менен мүмкүнчүлүктөр, социалдык жоопкерчилик, социалдык тармактарды колдонуу, андан акча табуу туурасында айтып беришет. Бул багытта профессионалдык өсүү үчүн керек болгон жөндөм, куралдар... Читать дальше...

Бажы кызматынын алты кызматкери "жашыруун транзиттөөгө" шек саналууда

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жеке компаниянын үч өкүлү кармалганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, алар Кытайдан эл керектөөчү товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштуруп, коррупциялык схеманы түзүүгө шек саналууда. "Айрым компаниялар мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турган. Бирок... Читать дальше...

Катаал жаза жол эрежесин бузууну азайтабы же...

Azattyk.org 

8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу, кайра экзамен тапшыруу жана айрым айып пулдардын суммасын 15 миң сомго чейин көтөргөн мыйзам күчүнө кирди. Биз дал ушул маселени “Эже-сиңдилер” берүүсүндө талкуулайбыз.

Электрондук чылымдын орду толгус чыгымы

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанда электрондук тамекиге тыюу салууну көздөшүүдө. Мындай демилге парламентте биринчи жолу айтылып жаткан жок. Ошол эле учурда коомчулук жаштар арасында, айрыкча мектеп окуучулары арасында электрондук тамеки кеңири жайылып, кадыресе көрүнүш болуп калганына тынчсызданууда. “Азаттык+” ушул теманын айланасында талкуу курду.

Чет өлкөлүктөрдүн жумушка орношуусуна уруксат берүүдөн 156 млн. сом түштү

Azattyk.org 

2022-жылы чет өлкөлүк жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүдөн түшкөн каражат 156 млн. сомду түздү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова 17-мартта парламенттеги "Ишеним" фракциясынын жыйынында маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан 2022-жылы 11 миңден ашуун чет элдиктин иштөөсүнө уруксат берген. Кыргызстанда иштеп жаткандардын арасында 95 өлкөнүн жарандары бар. Алардын көбү курулуш жана өндүрүш тармагында, дагы бир бөлүгү энергетика... Читать дальше...

"Алтынды азыр бөлө албайбыз". Жарлыкты жылдырган жагдайлар

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандан алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууну тыйган жарлыгынын мөөнөтү жылды. Анын алдында Тоо-металлургчулар кесиптик кошууну эгер бул жарлык май айынан тартып күчүнө кирсе, кен казган компаниялардын ишине олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүн экенин эскерткен. Адистер мындай жарлык чыгаруудан мурда аны аткарууга даярдык көрүлүшү керек экенин айтып келген. Кенчилердин кооптонуусу Кыргызстандагы Тоо-металлургчулар кесиптик кошууну эгер май... Читать дальше...

Мэрия жалбырак өрттөгөндөр айыпка жыгыларын эскертти

Azattyk.org 

Бишкек шаарында 15-апрелге чейин аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлык ишембилик жарыяланды. Калаа мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынарын эскертүүдө. Маалыматка караганда, тазалоодон кийин чогулган таштандылар жана жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине салууга болот, андан кийин аларды "Тазалык" ишканасы чыгарат. "Жалбырактарды жана башка жашыл чөптөрдү өрттөөгө тыюу салынат. Жалбырактардан чыккан түтүн оор кесепеттерге алып келген зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат"... Читать дальше...

Түркия: зилзала чыгымы 100 млрд. доллардан ашты

Azattyk.org 

17-мартта Түркиянын Казына жана каржы министрлиги 6-февралда катталган катуу жер титирөөнүн материалдык чыгымы 2 триллион лира (103,6 миллиард доллар) экенин жарыялады. "Кылым каргашасынын өлкөбүзгө келтирген чыгымы болжол менен 2 триллион лираны (103,6 миллиард доллар) түздү, бул 2023-жылга карата улуттук кирешебиздин болжол менен 9 пайызына туура келет. Бул 1999-жылдагы Мармара зилзаласына салыштырмалуу болжол менен алты эсе көп материалдык зыянга учураганыбызды көрсөтүп турат", -  деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө. Читать дальше...

Бишкекте Борбор Азиядагы суу форуму өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 18-мартта “Борбор Азиядагы суу ресурстары: кыйынчылыктар жана перспективалар” аттуу форум өтүүдө. Ага өлкөдөгү суу ресурстарын башкарууга тиешеси бар өкмөттүк мекемелер, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Бул иш чара Бириккен Улуттар Уюмунун "Суу-2023" Эл аралык конференциясынын алкагында ишке ашып жатканын уюштуруучулар белгилешти. 22-24-мартта боло турган конференцияга Кыргызстандан расмий делегациядан тышкары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү барат. Форумда Кыргызстандагы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *