Казакстанда сот Январь окуяларына айыпталган активистти актады
Казакстандын Жогорку Соту 14-мартта активист Жанмурат Аштаевди актады. Ал өткөн июлда Январь окуялары маалында башаламандыкка катышкан деген айып менен үч жылдан ашуун мөөнөткө кесилген. Сот ошондой эле өкмөткө каршы акциялардын катышуучуларына жарыяланган мунапыска активист Лаззат Досмамбетова да илиниши керек деп тапты. Ал Аштаев менен кошо соттолгон. Бул иш боюнча күнөө тагылган Кайрат Султанбек буга чейин мунапыс менен чыккан. Ушул эле күнү Алматыда Наурызбай районунда шаардык аэропортту басып алуу иши боюнча соттук угуулар башталды. Читать дальше...