Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 13.03.2023

Орусия армияга алынчулардын жашын көтөрүүнү караштырууда

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик думасына армияга чакыруу жашын көтөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Ушу тапта Орусияда 18-27 жаштагылар куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө милдеттүү. Мыйзам кабыл алынса, 2026-жылдан тарта уландар 21 жаштан тартып аскерге алынат, эмки жылдан баштап кызмат өтөөгө жаш курагы 30га чейинкилер чакырылат. Долбоордун авторлору – башкаруучу «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттары, күч түзүмдөрүнүн мурдагы өкүлдөрү. Алардын айтымында, өзгөртүү жарандарга жалпы орто жана кесиптик орто билим алуугу мүмкүнчүлүк бермекчи. Читать дальше...

Зордукталып, 14 жашында көз жарган кыз боюнча сот жылдап созулуп келатканы айтылды

Azattyk.org 

Чүйдүн Токмок шаарында зордукталып, 14 жашында көз жарган кыз боюнча соттук териштирүү төрт жылдан бери бүтпөй келатканын 13-мартта “Азаттыктын” эфиринде “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, окуя 2017-жылы болгон, кылмыш иши өспүрүм кыз беш айлык боюнда бар кезде козголгон: “Кызга 13 жашында кошунасы кол салган, жыныстык зомбулук болгон. Ошонун кесепетинен кыз төрөп, баласы төрткө чыгайын деп калды. Ушул күнгө чейин анын иши улам бир соттун деңгээлинде каралып... Читать дальше...

"Ак-Кула" атмайданында көкбөрү боюнча республикалык мелдеш башталды

Azattyk.org 

Көкбөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеш бүгүн, 13-мартта Бишкектеги "Ак-Кула" атмайданында башталды. Улуттук спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, мелдеш 21-мартка чейин созулат. Ага жалпысынан 37 команда катышууда. Оюндар алгачкы жолу төрт лигада: Жогорку лига (6 команда), Биринчи лига (12 команда), Экинчи лига (9 команда) жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында (10 команда) өтүп жатат. Экинчи аталышындагы лига быйыл алгачкы жолу негизделди. Ошондой... Читать дальше...

Акыйкатчы: Кордолгон баласынын укугун коргой албай калган ата-эне аябай көп

Azattyk.org 

Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган наристе, өспүрүмдөрдүн көбү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары экенин бүгүн 13-мартта “Азаттыктын” эфиринде өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматова билдирди. Башкы укук коргоочунун айтымында, мындай кылмыш жасагандар жазага тартылбай жаткан себептердин бири – ата-эне өзүнүн жана баласынын укуктарын билбегени, укук тартибин коргоо органдарынын көңүл коштугу экенин айтты: “Бизге кайрылгандар көп. Зордук-зомбулукка кабылгандардын көбү социалдык жактан аярлуу топтун өкүлдөрү. Читать дальше...

Иран бийлиги митингдердин 22 миң катышуучусуна ырайым берилгенин билдирди

Azattyk.org 

Ирандын сот бийлигинин жетекчиси Голамхоссейн Мохсени Эжеи нааразылык акциялары учурунда камалган 22 миң кишиге ырайым берилгенин билдирди. 13-мартта сот бийлигинин Жогорку кеңешинде сүйлөгөн Эжеи алардын арасында «абакта отургандардын чакан тобу бар», дагы бир канчасына күнөө тагылган же өкүмүн күтүп отурат деп айтты. Мындан башка маалымат берилген жок. Буга чейин ал 80 миң киши, арасында митингдердин катышуучуларына мунапыс берилгенин айткан. Ислам жумуриятында былтыр күзүндө хижаб кийүү эрежесин... Читать дальше...

Бишкектин борборундагы депутат аралашкан мушташ

Azattyk.org 

Соцтармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго түспөлдөш бирөө бир кишини сүйрөп барып, уруп аткан видео тарады. Топтошкондор жулмалашкан окуяда кеминде эки киши жабыркап, алардын бири ооруканага түшкөнү маалым болду. Бишкектин Октябрь раймилициясы мушташкандар аныкталганын билдирди.

"Кыргызстанда казак болуп жашагыбыз келет"

Azattyk.org 

XX кылымдын 30-жылдарындагы ачарчылыкта Казакстандан 100 миңдей киши жер которуп келген эле. Кыргызстанда 40 миңге жакын этностук казак жашайт. Алардын айрымдары Ысык-Көлдү байырлап калган. "Данисте" бул жолу Ысык-Көлдүн Түп районун кыдырып, көлдүк казактар жашаган айылдардын турмушу менен таанышты.

Журналист, акын Кубат Оторбаевдин чыгармачылык кечеси өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 13-мартта Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театрында журналист, акын, "Азаттыктын" редактору Кубат Оторбаевдин чыгармачылык кечеси өтүүдө. Кечеде акындын ырлары окулуп, анын чыгармалары окурмандарга тартууланууда. Кубат Оторбаев Табылды Муканов атындагы сыйлыктын лауреаты. Ал "Азаттык Медианын", КТРКнын жетекчиси, өлкөнүн акыйкатчысы болуп иштеген. Автордун "Гүлдөр күтөт" аттуу китеби былтыр жарык көргөн. Жыйнакка ата мекен, эл-жер, тагдыр-өмүр, дүйнөнүн миң кырдуу кайталангыс керемети... Читать дальше...



Ошто бетине кайчы сайылып калган наристеге татаал операция жасалды

Azattyk.org 

Ошто бетине кайчы сайылып калган наристе ооруканада тийиштүү дарылануудан өтүп, үйүнө чыгарылганы жатканын 13-мартта Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, беш жашар кыз облус аралык балдар ооруканасына оң жак жүзүнө кайчы 6-7 сантиметр сайылып калган абалда 9-мартта түшкөн. Татаал операцияны кулак-тамак-мурун оорулар бөлүмүнүн башчысы Үмүтбек Пазылов жасап, кайчыны алып чыккан.   Кыздын жакындары ал үйүндө столдон жыгылып түшкөнүн, ошол учурда колунда кайчы болгонун айтып беришкен. Читать дальше...

Депутат аралашкан мушташтын чоо-жайы иликтене баштады

Azattyk.org 

12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго түспөлдөш киши бирөөнү сүйрөп барып, уруп жатканы тартылган видео тарады. Анда эки киши жабыркап, алардын бири ооруканага түшкөнү маалым болду. Бишкектин Октябрь райондук милициясы окуя иликтенип жатканын, мушташка аралашкандардын баары аныкталганын билдирип, алардын аты-жөнүн ачык айткан жок. "Депутат деген адам желкеден кармап, мушташ тутанып кетти" Мушташ 12-мартка караган түнү саат 3төр чамасында Бишкектин борбордук... Читать дальше...

Оскар-2023: "Навальный" тасмасы утту, Мишел Йео жеңишин энесине арнады

Azattyk.org 

13-мартка караган түнү Лос-Анжелесте абройлуу “Оскар” киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. “Навальный” фильми “Эң мыкты даректүү тасма” категориясында утса, белгилүү актриса Мишел Йео бул киносыйлыкты алган биринчи азият тектүү актриса болуп калды. "Ал чыныгы мааниде тайманбас адам" Кремлдин кескин сынчысы катары таанылган Алексей Навальный жөнүндө канадалык режиссер Дэниел Роер тарткан фильмдин аты аталганда сыйлоо аземи өтүп жаткан “Долби” театрында көрөрмандардын алкышы жаңырды. Навальный өзү бул аземге катыша албады. Читать дальше...

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондор 48 миңден ашты

Azattyk.org 

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 13-мартта өткөн айдагы зилзаланын курмандыктары 48 миңден ашканын билдирди. "Зилзалада каза болгон жарандардын саны 48 миң 448. Алардын 6 миң 660ы чет өлкөлүктөр. Дээрлик көпчүлүгү сириялыктар. Каза болгон 1 615 кишинин тек-жайы аныкталууда", - деп билдирди Сойлу. Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин "Азаттыкка" кабарлады. 11-февралда Кыргызстандын бир жараны уранды алдында каза болгонун Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев билдирген. Читать дальше...

Талас: 25 манасчы тогуз күн бою "Манас" айтат

Azattyk.org 

Талас шаарында Манастын айкелинин ачылышынын урматына тогуз күн бою күнү-түнү “Манас” айтуу үчүн бүгүн 13-мартта шаарга 25 манасчы барганын облустун акимчилиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларды улуттук “Манас Ордо” комплексинен президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов тосуп алды. Талас шаарынын борбордук аянтында "Айкөл Манас" айкелинин ачылышы 21-мартка пландалууда. Улуу өнөрдүн 25 устаты 13-марттан 21-мартка чейин күнү-түнү "Манас" айтуу жөрөлгөсүн ишке ашырышат. Читать дальше...

Салык эрежелери: Өкмөт элди кантип ынандырат?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 13-мартта салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун экинчи окууда карап, аны жактырды. Буга чейин бул мыйзамды бир нече жолу кароодон баш тарткан эле. Документти талкуулоо учурунда бир катар депутаттар жаңы салык эрежелерине байланыштуу маселелерди көтөрдү. Соңку күндөрү Бишкек шаары баштаган өлкөнүн бир нече аймактарында ишкерлер, соодагерлер салыктагы жаңы талаптарга нааразы болуп акцияга чыгып жатат. Нарын менен Таластагы... Читать дальше...

Бишкек мэриясында мамлекетке өзгөчө ири каржылык зыян келтирилгени маалымдалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген факт аныкталганын 13-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мэриянын, шаардык кеңештин жана Каржы министрлигинин шаардык башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары 2021-2022-жылдар аралыгында жалпысынан 781 миллион сомдон ашуун акчаны ай сайын маянага кошумча катары төлөөгө жол ачып беришкен. Факт боюнча шаардык прокуратурада Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык... Читать дальше...

Казакстанда жолдо калган 63 өзбек жараны коопсуз жайга жеткирилди

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө облусунун куткаруучулары 13-мартка караган түнү жолдо бузулуп калган автобустан 63 өзбек жаранын эвакуациялады. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Автобус Карабутак-Костанай автожолунда бузулуп калган. Андагы жүргүнчүлөр Айтекеби районундагы мектепке жайгаштырылды. Марттын башынан бери Орусияга баратып же бул өлкөдөн кайтып келе жатып  Актөбө облусунда кар күрткүдө калган 106 өзбек жараны куткарылды. Быйыл январда ушул эле аймакта эки жүргүнчү автобусу жолдо бузулуп калып... Читать дальше...

Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялаганын билдирди

Azattyk.org 

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 13-марттан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу ал Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Илмира Алпысбаева ачкачылык акциясын жолдошу үй камагына чыгарылбай, ага дарыланууга шарт түзүлбөй жатканы менен байланыштырды. 10-мартта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор УКМКнын тергөө абагында жаткан Тенгиз Бөлтүрүк менен кызматкерлери жолугуп чыкканын билдирди. Читать дальше...

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагына дагы 77 миллион доллар бөлүүнү караштырууда

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын электр энергетика тармагына кошумча каражат бөлүп берүүнү караштырып жатканын бүгүн 13-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди: “Бүгүн Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолуктук. Дагы 77 миллион 50 жылга үстөк пайызы жок насыяны карап берели деп жатышат”. Комитеттин бүгүнкү отурумунда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү... Читать дальше...

Энергетика министрлиги Дүйнөлүк банктан 50 млн. доллар грант жана насыя алат

Azattyk.org 

Энергетика министрлиги электр энергиясын бөлүштүрүүнү жакшыртуу жана эсептөө системасын санариптештирүү үчүн Дүйнөлүк банктын “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунан 50 миллион АКШ долларын алат. Былтыр 5-октябрда кол коюлган тиешелүү келишимди парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 13-марттагы жыйынында үчүнчү окууда колдоду. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, 25 миллион доллар грант түрүндө, калганы 38 жылга насыя катары берилет. Читать дальше...

Депутат сабаган адамдын ден соолугу боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Улуттук госпиталдын дарыгери Талант Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдон токмок жеп ооруканага түшкөн адамдын ден соолугу боюнча “Азаттыкка” маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, 26 жаштагы Арген Джекишов 12-мартта түнкү саат 2:30да ооруканага түшкөн. “Бейтаптын абалы канааттандырарлык. Мээси чайкалып, мурду сынган. Биздин дарыгерлер бардык жардамды көрсөттү”, - деди дарыгер. 12-мартта социалдык тармактарда депутат Жаныбек Абировго окшош киши бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Azattyk.org 

13-14-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 70-107, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында... Читать дальше...

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча соттук отурум жылдырылды

Azattyk.org 

13-мартта Бишкектин Октябрь райондук сотунда кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча соттук отурум болбой калды. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы буга айыпталуучулардын адвокаты келбей калганы негиз болгонун билдирди. Кийинки жараян 16-мартка белгиленди. Соттук отурумга Бишкектеги №1 тергөө абагынын төрт кызматкери келди. Аларга “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, шалаакылык кылган” деп айып тагылууда. Шектүүлөргө эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы тандалган. Читать дальше...

ӨКМ: Аксыда ооруканадан чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Azattyk.org 

13-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында оорукананын имаратынан чыккан өрт саат 11:23тө толук өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалда министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы ооруканадан 72 адам эвакуацияланганын, эч ким жабыр тартпаганын билдирди. Өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда. Өрттү өчүрүүгө Аксы районунан үч, Ала-Бука районунан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканадан 134 киши коопсуз жерге чыгарылганын... Читать дальше...

Жогорку Cот 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти карады

Azattyk.org 

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Сот он үч жаштагы кызды зордуктоого айыпталган төртүнчү кишини сегиз жылга кесүү боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту шектүүнү сегиз жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарып, кийин Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган. Эки тараптын тең жактоочулары Жогорку Сотко арыз менен кайрылган. Жабырлануучу жак шектүүнү он жылга кесүүнү суранса, айыпталуучу тарап жаза мөөнөтүн кыскартууну өтүнгөн. 12-январда... Читать дальше...

Министр салык боюнча митингге чыккандарды айыптады

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жаңы салыктык эрежелерге каршы митингге чыккандар саботаж кылып жатканын билдирди. Ал мындай пикирин парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда айтты. “Алар ККМ (контролдук-кассалык машиналар), ЭТТН (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар) эмне экенин так билет. Маселе алардын саботаж кылып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *