Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 03.03.2023

Акыйкатчы: Кордолгон аялдарды, балдарды коргоонун жаңы багытын баштадык

Azattyk.org 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга жардам берүүнүн жаңы багытын баштаганын бүгүн 3-мартта билдирди. Абдрахматованын айтымында, алардын укугун коргоо ишинин бардык стадияларына бейөкмөт уюмдардын эксперттери жана адвокаттар менен бирге катышуу каралып жатат. Ошондо, өлкөнүн башкы укук коргоочусу белгилегендей, жабыркагандарды колдоонун мамлекеттик системасын натыйжалуу жана ар бири үчүн жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзүлөт. «Демилгенин максаты – тийиштүү жардам ала албай койгон конкреттүү бир аялга... Читать дальше...

Жапония буга чейин белгисиз 7 миңден көп аралды ачты

Azattyk.org 

Жапониянын геомейкиндик маалымат агенттиги өлкөдө мурда аныкталбаган 7 миңден ашык арал бар экенин билдирди. Жаңы маалымат заманбап технологиянын жардамы менен жарыяланды. Алар өтө кичинекей жана алыста болгондуктан картага киргизилген эмес. Акыркы жолу Жапониянын расмий картографиясы 1987-жылы жаңыланган. Маалыматтарды чогултууда негизги ролду Жээк коопсуздук күчтөрү ойногон. Анда мамлекеттин аймагында 6852 арал бар экени айтылган. Жаңы кайра эсептөөдө санариптик технологиялар жана спутниктен тартылган сүрөттөр колдонулду. Читать дальше...

Жер мунапысы: Үйү түрттүрүлгөн келин, президенттин убадасы

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 5-мартта Бишкектеги Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин окуясынан кийин аталган конушка барды. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукканын билдирди. "Бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, буга байланыштуу мамлекет башчысы маселени жеринде териштирүүнү чечкен. Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып... Читать дальше...

Жер мунапысы: Ак-Ордодо түрттүрүлгөн үй, көчөдө калган төрт бала

Azattyk.org 

Ак-Ордо конушунун жашоочусу Марал Шаболотова 1-мартта төрт баласы менен көчөдө калды. Буга Жогорку Соттун чечиминен кийин сот аткаруучулар келип, ал жашап жаткан үйдү сүрдүрүп салганы себеп болду. 3-мартта Маралдын үйүнүн жанына конуш тургундары топтолуп, эки кишини ташбараңга алууга аракет кылышты. Чогулгандар мындай мамилеге нааразылык билдирип, жер мунапысы коррупцияга жол ачканын билдиришти. Төрт баласы менен бара турган жери жок көчөдө калган Марал Шаболотованын айтымында, үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алган. Читать дальше...

МАГАТЭнин жетекчиси Гросси "жогорку деңгээлдеги жолугушууларды" өткөрүү Иранга барды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси "жогорку деңгээлдеги жолугушууларды" өткөрүү үчүн жума күнү Иранга барды. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттиги кабарлады. Буга чейинки кабарларда Гросси Тегеранды мурда жарыяланбаган жерлерде табылган уран издерин иликтөөдө кызматташууга чакырууну көздөй турганы айтылган. Иран мурда ачыкка чыгарылбаган үч жайда табылган урандын издерин текшерүүгө көп жылдан бери бут тосуп келаткандыктан, былтыр... Читать дальше...

"Тууну четтен көтөргөндө толкунданам". Эгемендиктин энбелгисине 31 жыл

Azattyk.org 

3-мартта Кыргызстанда Мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Кызыл түстөгү туу мындан туура 31 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Бул арада анын түсүн алмаштыруу боюнча бир канча сунуштар айтылып, бирок ал ишке ашкан эмес.

Ошто милиция кызматкери басымга кабылганын айтты

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда төрт балалуу эненин үйү түрттүрүлгөндө чыр чыкты. Грузияда "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбооруна каршы өткөн демонстрацияда отуздай киши кармалды. Ошто милиция кызматкери басымга кабылганын айтып чыкты.

Президент жаңы ипподромго жер бөлүп, ордуна ипотека үйлөрүн курууну сунуштады

Azattyk.org 

Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруп, жаңы ат майданга жер караштыруу керек экенин президент Садыр Жапаров билдирди. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, мамлекет башчысы “Ак-Кулага” бүгүн 3-мартта барды: “Мамлекет башчысы ипподромду кыдырып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты. Садыр Жапаров заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуш киргизүүнү, ошондой эле учурдагы ипподромду бузуп, анын ордуна калкка жеңилдетилген... Читать дальше...



24.kg маалымат агенттигинин кызматкери УКМКда суракта болду

Azattyk.org 

24.kg маалымат агенттигинин жооптуу редактору Анастасия Мокренко 2-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында суракта болду. Бул маалыматты «Азаттыкка» агенттиктин журналисттери тастыкташты. Алардын айтымында, сурак быйыл январь айынын соңунда RedCentre соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалыматка байланыштуу болгон. Редакцияга УКМК кызматкери барып, редакторду ал суракка юристтин коштоосунда барары айтылганына карабастан алып кеткен. Мокренко күбө катары суралганы... Читать дальше...

Канаттууларда пластикоз аттуу жаңы илдет пайда болду

Azattyk.org 

Окумуштуулар канаттуулардан жаңы илдетти аныктады. Ашказан фиброзунан же желим (пластик) жутуудан гана пайда болгон ооруну илимпоздор пластикоз деп аташууда. Адистер Австралияны байырлаган деңиз чабалекейлерин изилдеп, канаттуу канчалык көп желим жутса, ашказанында тырык ошончолук көбөйөрүн аныкташкан. Пластикоз балапандардан да табылган. Изилдөөчүлөр аларды ата-энелери булганган тамак-аш менен баккан деп эсептешет. Ошол эле учурда канаттуулардын ичеги-карынынан табылган табигый заттар фиброзго алып келбей турганы такталган. Читать дальше...

Черногориядагы жардырууда бир адам каза болду

Azattyk.org 

3-мартта Черногориянын баш калаасы Подгорицадагы сот имаратынын алдындагы жардыруудан бир адам каза болуп, бешөө жараат алды. Полициянын маалыматына караганда, жардыруу колдо жасалган граната менен ишке ашырылган болушу мүмкүн. Аны жардырган эркек киши сот имаратынын кире беришинде каза болгон. Жараат алгандар ооруканага жеткирилди. Гранатаны жардырган адам эмне үчүн бул кадамга барганы азырынча белгисиз. Бийлик окуя иликтенип жатканын билдирди.

Ымыркайы менен камакта кармалып келген келин эркиндикке чыкты

Azattyk.org 

Жаңы төрөлгөн ымыркайы менен камакта кармалып келген келин эркиндикке чыкты. Аны бошотуу тууралуу чечим бүгүн 3-мартта Бишкек шаардык сотунда чыкканын адвокат Замир Жоошев билдирди. Жактоочунун айтымында, райондук соттун өкүмү башка бөлүгүндө күчүндө калды. “Свердлов райондук сотунун өкүмү ымыркай 14 жашка чыкканга чейин аткарылбайт. 14 жашка чыккандан кийин, мыйзамга ылайык, эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза башка жеңилирээк түрүнө өзгөртүлөт же аны өтөөдөн таптакыр бошотулат ("Кылмыш жаза кодексинин" 87-беренеси)” деди Жоошев. Читать дальше...

Ак-Ордо: Үй түрттүрүүдөн кийин түзүлгөн абалды жөнгөрүү аракети көрүлүүдө

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда төрт балалуу аялдын үйү түрттүрүлгөндөн кийинки абалды жөнгө салуу аракети көрүлүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысы 3-мартта кечки саат алтыга жакын ал жерде абал курчуганын, үйү буздурулган келинди да, аны менен жер талашып, чырлашкан келинди да милиция топтолгон элдин арасынан чыгарып кеткенин билдирди. Ал жерде милициядан тышкары жергиликтүү бийлик жана каттоо мекемелеринин өкүлдөрү да чогулуп, нааразылыгын билдиргендерди тынчтандырууга аракетин көрүп жатышат. Читать дальше...

Чет элдиктерге көл жээгинен мүлк берүү сунушу сынга кабылды

Azattyk.org 

Чет элдик жарандарга Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлккө ээлик кылууга уруксат берүү сунушталууда. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин үч депутаты көтөрүп, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин авторлору долбоор кабыл алынса, Ысык-Көлгө инвесторлорду тартып экономикасын көтөргөнгө көмөк болот деп эсептешет. Бирок чет элдиктерге эс алуу жайларын менчикке берүү баалардын кымбатташына алып келип, экологияга жана коопсуздукка коркунуч жаратарын айткандар бар. Үч депутаттын документи талкууга... Читать дальше...

Рузахунов: Казакстандагы экспертиза мага оор залака тийгенин аныктады

Azattyk.org 

Казакстандагы былтыркы январь окуяларында зомбулукка кабылган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 1-2-март күндөрү Алматы облустук атайын прокуратурасында анын окуясына байланыштуу териштирүү иштери өткөнүн билдирди. Жактоочусу Бакытбек Автандил, «Бир дүйнө Кыргызстан» жана казакстандык «Кадыр Касиет» укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен бирге ал беш томдон турган кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыкканын, амбулатордук соттук психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгын алганын... Читать дальше...

Баткен облустук соту кызын сабаган келиндин иши сотко өткөнүн билдирди

Azattyk.org 

Кадамжайда эки жаштагы кызын сабап жатканы видеого тартылган келинге козголгон иш боюнча соттук кароо 2-мартта башталып, 6-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы 2-мартта билдирди. Маалыматка ылайык, келиндин бөгөт чарасы 16-февралда Кадамжай райондук сотунда каралып, соттук териштирүү бүткөнгө чейин үй камагына чыгарылган. 1-февралда Кадамжай райондук сотунда келинди 1-мартка чейин камакта кармоо чечими чыккан. 8-февралда Баткен облустук соту райондук чечимди күчүндө калтырган. Читать дальше...

Беларуста "Нобелдин" лауреаты Беляцкий 10 жылга кесилди

Azattyk.org 

Беларуста “Весна” укук коргоо борборунун төрагасы, "Нобелдин" Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алес Беляцкий он жылга кесилди. Өкүмдү Минскинин Ленин райондук соту чыгарганын "Азаттыктын" беларус кызматы кабарлады. Беляцкий менен бирге анын кесиптештери Валентин Стефанович тогуз жылга, Владимир Лабкович жети жылга эркинен ажыратылды. Дмитрий Соловьев сыртынан сегиз жылга кесилди. Укук коргоочуларга 2020-жылы автократтык лидер Александр Лукашенкого каршы "нааразылык акцияларын каржылаган" жана "акчаны мыйзамсыз алып жүргөн" деген айып коюлган. Читать дальше...

Өзбекстанда диний ыр үчүн соттолгон студенттин жазасы жеңилдетилди

Azattyk.org 

Өзбекстанда Telegram аркылуу классташына диний ыр жөнөткөнү үчүн соттолгон Сардор Рахмонкулов шарттуу түрдө эркиндикке чыкты. 2-мартта Ташкент шаардык соту 22 жаштагы студенттин жазасын кайра карап, ушундай чечим кабыл алганын өлкөнүн Жогорку Соту билдирди. Расмий билдирүүдө бул чечим "мыйзамда каралган калыстык жана адап-ахлактык жактан кайра тарбиялоо принциптерине негизделгени" айтылат. Рахмонкулов былтыр кармалгандан кийин жети ай тергөө абагында отуруп, быйыл 30-январда 5 жылга эркинен ажыратылган. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидрометтин кабарлашынча, 4-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй менен Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19... Читать дальше...

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Тажикстанга барды

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаарында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жолугуп, кызматташууну талкуулашты. Орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, эки тараптуу кол коюуга даярдалган документтердин арасында салык, бажы, саламаттык сактоо жана башка тармактарда кызматташуу тууралуу макулдашуулар бар. Тажик медиасы Мишустин президент Рахмонго жолукканын кабарлады. Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Орусия Тажикстандын эң башкы экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калып жатканын айтты. Читать дальше...

Өкмөт илимий ачылыштар үчүн акча берет

Azattyk.org 

Апта башында Улуттук илимдер академиясына барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров илимдин колдонмо жагына көңүл бурууга чакырды​. Энергетика жана машина куруу тармагын тез арада жандандыруу керектигин, илим тармагы өлкөнүн өнүгүүсүнө, экономикалык саясатка тартылбай жатканын айтты. "Илим экономикага начар тартылган" Президенттин жарлыгы менен Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту Ош мамлекеттик университетинин жана Академик Ж.Алышбаев атындагы экономика институту Кыргыз экономикалык университетинин карамагына өттү. Читать дальше...

Салык кызматы митингдер боюнча жооп кайтарды

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы жаңы салык эрежелерине каршы чыгып жаткан соодагерлердин талаптарына жооп берди. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 3-мартта атайын билдирүү таратып, Салык кызматынын жетекчилиги жана өкүлдөрү аларга суроолоруна жооп берип, түшүндүрүүгө аракет кылганын, бирок “митингчилер конструктивдүү сүйлөшүүдөн баш тартышканын” белгиледи. “Бул алардын башкы максаты диалог эмес, өз суроолоруна жооп алууну жана угууну каалабагандык экенин дагы бир жолу далилдеп турат. ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ ... Читать дальше...

Милиция кызматкери президент Жапаровго кайрылуу жасады

Azattyk.org 

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери Максатбек Аваз уулу президент Садыр Жапаровго кайрылып, Ички иштер министрлигиндеги “башаламандыкка чара көрүүнү” суранды. Социалдык тармактарга 2-мартта тараган видеодо Максатбек Аваз уулу ага Ноокат райондук милициясынын жетекчилиги анын кызматтан кетүүсүн талап кылып, "болбосо кылмыш ишин козгоп кетиребиз деп коркутканын” айтып чыкты. “Эмнеге көрсөткүчтөргө жетпейсиң, жыйынтык көрсөтпөйсүң?” деп сынга алышты. Читать дальше...

Грекияда поезд кырсыгынан кийин темир жол кызматкерлери иш таштады

Azattyk.org 

Грекиянын темир жол тармагында иштегендер ондогон адамдын өмүрү кыйылган кырсыктан кийин коопсуздукту талап кылып, бир күндүк иш таштоого чыгышты. Темир жолчулардын кесиптик кошуундарынын мүчөлөрү тармактын коопсуздук системаларын жаңылаш керектиги өкмөткө бир нече ирет эскертилгенин айтышты. Би-Би-Си кабарлагандай, Грекиянын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өттү. Афинада грек темир жолдорун тейлеген Hellenic Train компаниясынын баш кеңсесинде демонстранттар полиция менен кагылышты. Читать дальше...

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингде ондогон адам кармалды

Azattyk.org 

Грузияда "чет элдик агенттер" мыйзам долбооруна каршы демонстрацияда полиция бери дегенде 36 кишини кармады. Ички иштер министрлиги бул маалыматты бышыктады. Аларга "майда бейбаштык" жана "полицияга баш ийген жок" деген айыптар коюлуп жатканын "Азаттыктын" грузин кызматы жазды. Арасында "Публика" басылмасынын редактору жана "Табулы" басылмасынын кабарчысы да болгонун, алар түн жарымында бошотулганын "Эхо Кавказа" кабарлады. 2-мартта нааразылыкка чыккандар парламентте бийликтеги партия колдогон... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *