Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 29.03.2023

Кара-Сууда мектеп директору 43 окуучу атырдын жытына ууланганын билдирди

Azattyk.org 

Оштун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбеков атындагы орто мектептин 6-классынын окуучулары атырдын жытына ууланышты. Бул тууралуу мектеп директору Нурила Сыдыкова “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, 43 окуучу дарыгерлердин кароосунан өттү, алардын 17си көзөмөлдө болот. Директор окуучулардын бири атырды класстын ичине сээп ойногонун, андан бир окуучу кыздын башы ооруп баштаганын, кийин баарын дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүүгө Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилгенин билдирди. Ал окуучулардын... Читать дальше...

Эгембердиев: Абакта кылмыш топторунун тиреши жок

Azattyk.org 

Жаза аткаруу кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев “Азаттыкка” чакан маек куруп, Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында жаткандардын абалы, жабык жайлардагы кырдаал тууралуу суроолорго жооп берди. - Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандар ден соолугу начарлап кеткенин, Жаза аткаруу кызматы ооруканада дарыланууга уруксат бербей жатканын бир нече жолу билдиришти. Абактагылардын абалы кандай? - Бул маселе боюнча баарын карап, комиссиялык текшерүү жүргүзүп жатабыз. Ага... Читать дальше...

Өзбекстанда пенсия жана айлык акы көтөрүлөт

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 28-мартта айлык акы, пенсия жана жөлөк пулдун өлчөмүн көтөрүү жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына шилтеме кылып “Озодлик” радиосу жазды. Документке ылайык, 1-апрелден тарта кошуна өлкөдө пенсиялар менен жөлөк пул 7% көтөрүлмөкчү. Муну менен 4,4 миллион пенсионердин акчасы көбөйөт деп күтүлүүдө. Жарлыкта айтылгандай, ушул жылдын 1-майынан баштап бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин маянасы 7% көбөйөт. Минималдуу айлык акы 980 миң сум же 86 АКШ доллары деп белгиленди. Читать дальше...

"Анвар иштейм деп барган". Москвада үмүт менен кошо үзүлгөн өмүр

Azattyk.org 

Орусияда бычакталып каза болгон 17 жаштагы кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, 26-мартта Жумгалда жерге берилди. Анын жанындагы шериги учурда оор абалда жатат. Махабат Жанышева уулун бир жыл мурун Орусияга узатып, эми сөөгүн тосуп алды. Он жетиге эми толгон баласынын киши колдуу болгонуна ишенгиси келбей, боздоп отурат. “Атасы жок өстүргөн баламды жок кылып алдымбы? Ушинтип айрылып каламбы? Акыйкаттык издейм, мен кылмышты жасаган төртөө деп угуп жатам. Төртөөнүн тең жазасын бергиле. Читать дальше...

Казандагы мектепте ок чыгарган Галявиевге өмүр бою абак жазасы суралды

Azattyk.org 

Орусиянын прокуратурасы 2021-жылы май айында Казан шаарындагы мектепте ок чыгарган Илназ Галявиевди өмүр бою эркинен ажыратууну сурады. Тогуз кишинин өмүрү кыйылган ал кылмыш ишти Татарстандын Жогорку соту шаршембиде карады. Прокуратуранын Телеграм-каналындагы маалыматка ылайык, айыптоочу тарап Галявиев беш жылды түрмөдө, калганын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда отурсун деп сурады. 2021-жылдын 11-майында 19 жаштагы Галявиев аңчылык кылган мылтык менен куралданып, өзү мурда окуган гимназияга кирип барып, туш келди ок ачкан. Читать дальше...

Машине коюп кетип каза болгон Айткулованын иши сотто карала баштады

Azattyk.org 

Бишкекте машине сүзүп кетип каза болгон 50 жаштагы Миргүл Айткулованын өлүмү боюнча ишти Биринчи Май райондук соту 29-мартта карай баштады. Алдын ала угууда жабырлануучунун адвокаты шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алууну өтүндү. Бирок сот өтүнүчтү канаатандырган жок. Келерки жараян 31-мартка белгиленди.  “Айыпталуучу тарап актанып, ооруп жүргөнүн айтты. Ал жабырлануучулардан кечирим сураган да жок. Биз аны камакка алуу зарылдыгы тууралуу өтүнүчтү 31-марттагы отурумда да келтиребиз”,- деди адвокат Төлөндү Самаков. Читать дальше...

Шотландиянын өкмөтүн биринчи жолу мусулман саясатчы жетектейт

Azattyk.org 

Шотландиянын өкмөт башчылыгына биринчи жолу тарыхта мусулман саясатчы шайланды. 37 жаштагы Хамза Юсаф 29-мартта Эдинбургда ант берди. Дүйшөмбү күнү буга чейин саламаттык сактоо министринин кызматын аракалап келген Юсаф Шотландиянын Улуттук партиясынын жетекчиси болуп шайланган. Партиянын мурдагы төрагасы Никола Стержен Шотландиянын биринчи министри (өкмөт башчы) кызматын сегиз жыл аркалагандан кийин 15-февралда отставкага кетерин жарыялаган. Анын ордуна бир нече партиянын лидерлери ат салышканы... Читать дальше...



Кыргызстан жылуулук сезонунда Орусиядан электр энергиясын сатып алат

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Орусия 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда 875 млн. кВт. саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 29-мартта Бишкекте өткөн жыйынында билдирди. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, электр энергиясын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим “Бишкек Солар” жоопкерчилиги чектелген коому... Читать дальше...

УКМК чет элдиктерге жасалма диплом сатуу фактысы аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

УКМК чет элдик жарандарга жасалма диплом сатууга шектүүнү кармаганын 29-мартта кабарлады. "2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин деканы болуп турган Ж.М.Б. аттуу аял Ирактын эки атуулуна 12 миң долларга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дипломун жасап бергени аныкталды", - деп билдирет атайын кызматтын басма сөз кызматы. Бул иш боюнча Жазык кодексинин "Кызмат абалын колдонуу менен алдамчылык кылуу"  беренеси менен (209-берене) кылмыш иши ачылып, иликтөө уланууда. Читать дальше...

Орусия Кыргызстанга орус тилинде билим берген тогуз мектеп куруп берет

Azattyk.org 

Мектептердин бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү - Кыргызстан менен Орусиянын аттестаттарын алышат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук 29-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон учурда билдирди. Анын айтымында, мектептер административдик, спорттук, башталгыч класстар үчүн жана өзүнчө жогорку класстар үчүн төрт корпустан турат. Окуу комплекси заманбап техника менен жабдылып, оюн аянтчасы, бассейндер жана спорт залдары болот. Жапаров ага... Читать дальше...

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 110 үй-бүлөгө сертификат берилди

Azattyk.org 

Мамлекет менен "Социалдык келишим" түзгөн 110 үй-бүлөгө 29-мартта 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Аны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев тапшырды. Иш-чара Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында болуп өттү. "Социалдык келишим" президенттин демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып, ишке ашырылууда. Былтыр 2800 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилген. Читать дальше...

Тажикстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-мартта саат 11:22де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кыраалдар министрлиги алдын ала маалыматтарга таянып билдиргендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (КЕ)

"Ошто басма сөз жыйында Горбачев Каримовду телефонго чакырган"

Azattyk.org 

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Акбар Рыскулов болду. Ал маегинде кантип “Ленинчил жаш” гезитин башкарып калганын, “түндүктөн түшкөн редактордун” чоо-жайы, Акаевдин жанында жүргөн жылдары, президент кудалардын мамилеси, Каримовдун тамада болгону, “Азаттык” радиосун Кыргызстанга уктуруу келишимине кол коюлушу ж.б. окуялардын тегерегинде кеп кылат. - Акбар мырза, сиз 1991-жылы “Жаштык жарчысы” гезитинен кеткенде... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абак талкалаган ден соолук

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан жарандык активист Улукбек Маматаев ооруканадан кайра тергөө абагына кайтарылды. Анын адвокаты операциядан кийин Улукбек Маматаевдин ден соолугу толук калыбына келе электигин айтып, ооруканага которуу өтүнүчү менен абактын жетекчилигине арыз жазган.  Бул иш боюнча камакта жаткандар дарыланууга шарт түзүлбөй жатканын билдирип, көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү талап кылып келет. Жаза аткаруу кызматы зарыл болсо шектүүлөрдү ооруканага которо турганын, алды дарыланып чыкканын кабарлады.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы жети документке кол койду

Azattyk.org 

Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынында жети документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Кол коюлган документтердин арасында Кыргызстанга орус тилинде билим берген мектептерди куруунун шарттары, электр энергиясы, мамлекеттик каттоо тармагында кызматташуу, электр энергиясын импорттоого багытталган макулдашуулар бар. Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга жалпы билим берүүчү... Читать дальше...

"Өзбекстандын товары басты". Түшүмү баа болбогон дыйкандар

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев Ноокен районуна эл менен жолугушууга барып, жергиликтүү дыйкан менен кайым айтышканы интернетке жарыяланды. Анда Өзбекстанда жашылча-жемиши чек аралаш аймактардын базарын ээлеп, кыргыз дыйкандарына кыйынчылык жаралганы айтылган. Бул окуядан улам ата мекендик өндүрүштү колдоо, жергиликтүү дыйкандардын маселеси күн тартибине чыкты. 25-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Ноокен районунун жашоочулары менен жолугушуусунда дыйкандардын маселеси көтөрүлдү.... Читать дальше...

Камактагы активист Улукбек Маматаев ден соолугунан улам президентке кайрылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаев оор операциядан кийин медициналык кароого жана реабилитацияга муктаждыгын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды. "Мени оор абалда №1 тергөө абагынан ооруканага которушту. Ооруканада боорума жана өтүмө операция жасалды. Мен оор абалда бир нече күн жаттым. Дарыгерлер бөйрөгүмдү да дарылоо зарылчылыгын айтышты. Бүгүн, 29-мартта мени оор абалыма жана медициналык реабилитациядан өтпөгөнүмө карабай... Читать дальше...

Чеченстанда милиция бөлүмүнө кол салуу болгону кабарланды

Azattyk.org 

Чеченстандын Гудермес шаарында белгисиз кишилер райондук милиция бөлүмүн аткылап, кол салгандардын экөө окко учту. "Кавказ.Реалии" сайты жазганына караганда, окуя шейшембиде кечинде болгон. Шаарга жумурияттын башчысы Рамзан Кадыров барып кетти. Маалыматтарда ал жерге күч түзүмдөрү тартылганы айтылган. Атышуу тууралуу алгачкы кабарды оппозициялык NIYSO Телеграм-каналы чыгарган. Жаңылыкта кол салгандар ингушетиялык номерлүү машиналар менен келгени айтылган. Оппозициялык 1ADAT Телеграм-каналы Гудермеске... Читать дальше...

Мурдагы милиция кызматкери баңгизат сатуу, даярдоого шектелүүдө

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, А.М.К. аттуу милициянын капитаны баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу, мыйзамсыз даярдоого шектелүүдө. Ал буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Биринчи май райондук соту Бишкек шаарында жашырынып жүргөн шектүүнү сырттан камакка алган. Читать дальше...

Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүп жатат

Azattyk.org 

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар башка чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашат. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары пландалууда. Жыйынга катышуу үчүн 28-мартта Кыргызстанга иш сапары менен Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук келген. Комиссиянын... Читать дальше...

Үйсүз калган үлүшчүлөр бийликтен жардам сурады

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь районуна караштуу Каралаев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде 2017-жылы курулушу башталып, ушул күнгө чейин бүтпөй турган үйдөн батир алгандар бийликке кайрылды. Алар “Билд Консалд” компаниясынан 2017-жылдан 2021-жылга чейин батир алып, бирок алданып калганын айтууда.

Амангелдиев кумарканалардын салыгын азайтуунун себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангалдиев кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуунун себебин түшүндүрдү. Ал кумаркана ачууга кызыкдар ишкерлер азыраак болуп жатканын "Азаттыктагы" маегинде билдирди. Министрдин айтымында, учурда букмекердик кеңсе ачып иштетүүгө төрт лицензиция берилгенин билдирди. Ал эми кумаркана иштетүүгө бир дагы ишкерден арыз түшө элек. "Кумаркана ачууга кызыкдар ишкерлер азыраак болуп жатат. Башында парламентте мыйзамды алып келип жатканда атайын бир инвестор... Читать дальше...

Токаев жаңы шайланган мажлистин сессиясын ачты

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-мартта Астанада мажлистин 8-чакырылышынын сессиясын ачты. 19-марттагы мөөнөтсүз шайлоонун жыйынтыгында төмөнкү палатадагы көпчүлүк орундар бийликтеги «Аманат» партиясына тийди. Калган беш партия да бийликти сындаган саясий күчтөрдөн эмес. Токаев Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүлөр «саясий системаны толук кайра жандандырууга» өбөлгө тузгөнүн билдирди. Анын айтымында, эми президент жети жылдык бир мөөнөткө шайланат, парламенттин ыйгарым укуктары кайра каралып чыкты... Читать дальше...

Ошто "Жылуулуккамсыздоо" ишканасынын жамааты жетекчисине нааразылык билдирүүдө

Azattyk.org 

Ош муниципалдык "Жылуулуккамсыздоо" ишканасында иштеген 50дөй киши 29-мартта нааразылык акциясына чыгышты. Алар аталган мекеменин жетекчиси Бекмурза Эргешовду кызматтан алууну талап кылып, шаар мэри Бакыт Жетигеновго кайрылышты. "Жетекчи Эргешов кызматтык этиканы сактабай, жумушчуларды сөгүп, коркутат. Тууган-уругун кызматка коюп алган", - дешти алар. Нааразы тарап менен ишканага барып жолуккан мэр маселени териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлө турганын билдирди. Эргешов өз дарегине айтылган сындарды четке кагып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *