Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

"Кирешеден гана салык төлөйлү". Соодагерлер жаңы эрежеге нааразы

0

Бишкектеги базарларда иштеген жүздөгөн адам 2-мартта жаңы салык эрежелерине каршы митингге чыкты. Алар товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) колдонула баштагандан бери чыгым, убара-түйшүк көбөйгөнүн, соода солгундаганын айтып жатат. Кыргыз өкмөтү болсо электрондук кагаз толтурууга өткөндөн тартып көмүскө соода азайып, салык көп чогулуп жатканын жүйө келтирип келет.

Нааразы соодагерлер Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага чогулду. Алардын бири, "Дордой-Моторс" базарында иштеген Алмаш Ажиматова салык эрежелерин өзгөртүп жатканда соодагерлердин пикирин эч ким сураган эмес деп нааразы болду.

"Мен бул жерде 12 жылдан бери эмгектенем. Жаңы мыйзамдарды кабыл аларда президент, Жогорку Кеңеш карапайым эл менен эсептешкен жок. Элге туура келген нерселерди чыгарбай, бир тараптуу мыйзам болуп калды. Карапайым элди уккан жок. Элдин абалын азыр көрүп атышат, биз эптеп жаныбызды багып келебиз Бизде завод-фабрика болбогондон кийин элдин көбү соода-сатык менен жашайт. Эл өзүн өзү багып жатат. Анда бизге жумуш таап беришсин".

"Түшкөн кирешеден гана салык төлөйлү"

Митингге чыккандар мурдагыдай патент системасын калтырууну талап кылышты. Ош базарындагы "Берекет-Ынтымак" кесиптик кошуунуну төрайымы Гүлчахра Омонованын билдиришинче, жаңы эрежелердин айынан соода соолгундады.

"Кыргызстанда элди базарлар багат. Соода кылган карапайым эл төрт айдан бери товар ала албай калды. Азыр кирешеден эмес, жапы суммадан салык төлөйсүңөр деп жатат. Бул бизге такыр туура келбейт. Салык төлөйлү, бирок түшкөн кирешеден гана төлөйлү деп талап кылып жатабыз".

Аламүдүн базарында бир канча жылдан бери Азамат Ирсалиев жаңы талаптын айынан жабылып калган дүкөндөр бар экенин билдирди.

"Ал жерде контейнерим бар. Аламүдүн базарында иштегениме дээрлик 25 жыл болду. Биздин базардагы жамаат бул митингге ойногонунан келген жок. Ар бири насыя алган. Мамлекеттен жардам болгон эмес, жеңилдетилген насыя берилет дегени менен бир дагы адам аны алган жок. Биздин базарда эле 15тей дүкөн жабылып калды. Мисалы, товарды орто дүңүнөн саткандар 100 сомдук майга эки эле сом кошот. Азыр фирмалар эсеп-фактуралар менен келет деп товар бербей жатат. Салык кызматына барып катталбаса, фирмалар эч кандай товар бербейт экен. Кассалык аппараттар боюнча бир эсепчи жалдаш керек экен. Мен мисалы, базарда үй-бүлөм менен иштейм. Биз отчет тапшырабызбы, же эсепчи жалдайбызбы, же соодабызды кылабызбы? Контейнердин ичинде ансыз дагы кыйналып, ысык-суукта отурабыз. Анда өкмөт завод-фабрика салсын, биз соодабызды жыйыштырып коюп ошол жакка барып иштейли. Азыр менин соодам токтосо, мен эми кайсы жакка барып иштейм? Эл жыргаганын ысык-суукка кайыл болуп базарга чыгып жаткан жок да".

Бишкекте жана айрым аймактарда буга чейин дагы жаңы салык эрежелерине, көзөмөл-кассалык аппараттардын киргизилишине каршы нааразылык акциялары өткөн.

Быйылтан тартып Кыргызстанда алып-сатуу менен алектенген соодагерлер, ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт деген эреже кирген. Буга чейин болсо кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Жаңы талапкка ылайык, соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

"Көмүскө иштегендер ачыкка чыгып, салык төлөйт"

Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экенин билдирип келет. Аталган мекеменин бөлүм башчысы Азат Алманбетов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, нааразылык акциясына чыккандар арасында буга чейин салык төлөөдөн качып келгендер бар экенин билдирди.

"Митингге чыккандар патент менен эле калтыргыла деп суранып жатат. Базардагы соодагерлер азыркы күндө патент менен салык төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок алар товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн колдонушу керек. Бул жерге нааразылык акциясына чыккандарды экиге бөлүп караса болот. Биринчиси, салык саясатын, салыктын кандай түрлөрүн төлөөнү түшүнбөгөн адамдар. Экинчиси, салык төлөө тууралуу баарын түшүнүп туруп, электрондук коштомолор, көзөмөл-кассалык аппараттар эмнеге алып келерин билип туруп ошого каршы чыгып жаткандар. Алар буга чейин салыктан качып, аны төлөбөй жүргөн адамдар. Себеби электрондук коштомолор товардын импортунан баштап дүкөндөргө жеткенге чейинки жеткен жолун көрсөтөт. Ошондо ортодо көмүскөдө жүргөн ишкерлер ачыкка чыгып салык төлөп каларын билип элге туура эмес түшүндүрмө берип, ушинтип үгүттөп чыгып жаткандагы кербези".

"Салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек"

Буга чейин парламентте жаңы салык эрежелери майда ишкерлерди убарага салып жатканына байланыштуу маселе бир канча жолу көтөрүлгөн. Айрым дпутаттар салык кызматы өзү даяр эместигин, мунун айынан соодагерлер, ишкерлер кыйналып жатканын эскертишкен. Экономист Кубан Чороев талаптан мурун даярдык маанилүү экенине токтолду.

"Негизи санариптешүүнүн жардамы менен салыкты чогултуу, администрациялоо жылдан жылга жеңилдеп баратат. Ушуну өз нугуна коюп алса албетте, салык төлөөчүлөргө дагы, мамлекетке дагы пайдалуу болот. Бирок маселе башкада болуп жатат. Салык кызматы атайын окутууларды уюштуруп, элди даярдашы керек эле. Эл албетте, түшүнбөгөн нерсеге терс реакция жасайт. Күчкө салган ката башынан бери эле келе жатат. Санариптештирүүнүн максаты - бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салуу да. Салык кызматы дагы ишкерлерге жеңилдик кылабыз деген максатты коюушу керек эле. Алар адистерди жалдап, баарына жөнөкөй, жеңил системаларды, тиркемелерди киргизип, оңойлотушу керек эле. Андан кийин окутууларды, семинарларды өткөрүп туруп анан ушундай өзгөртүүлөрдү киргизсе болот эле".

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта көзөмөл-кассалык аппарат колдонгон ишкерлердин саны 65 миңден ашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салык төлөөдөн качпоого чакырып келет.

"Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салыктар "жакшылык айлампасы" деп аталат, анткени каражаттар андан ары эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды көтөрүүгө, инфраструктурага, экономиканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого инвестиция салууга жумшалат. Салыктарды чогултуу 2022-жылы жөлөк пулдардын эки эсеге көбөйтүлүшүн, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну камсыз кылды. Бул чек эмес – калкты социалдык жактан колдоо боюнча иштер улантылат", -деген өкмөт башчы.

Былтыр 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт бул белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашык аткарылганын, мурдагы жылга караганда 63,8 млрд сомго көп экенин билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *