Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Атомдук энергия агенттигинин жетекчиси Гросси Иранга барат

0
Атомдук энергия агенттигинин  жетекчиси Гросси Иранга барат

БУУнун Атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси жума күнү Иранга барат деп күтүлүүдө. Дипломаттардын айтымында, “жогорку деңгээлдеги жолугушууларда” ал Тегеранды жарыяланбаган жерлерде табылган уран издерин иликтөөдө кызматташууга чакырууну көздөйт.

Иран мурда ачыкка чыгарылбаган үч жайда табылган урандын издерин текшерүүгө көп жылдан бери бут тосуп келаткандыктан, былтыр МАГАТЭнин 35 мамлекетти өкулдөрүнөн турган башкаруучулар кеңеши Ислам жумуриятын кызматташтыкка милдеттендирген резолюцияны кабыл алган. Бирок эч кандай жылыш болбогону үчүн Гросси президент Ибрахим Раиси менен жолугушуу туңгуюктан чыгуу жолдорун табууга көмөктөшөт деп ишенет.

Батыш Тегеран өзөктүк курал жасоого аракеттенет деп шектенет, бирок Иран бийлиги бул багыттагы программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн айтып келатат.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен жетишкен макулдашууга ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы Вашингтон Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада санкциялар кайрадан киргизиле баштап, Иран өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр 2021-жылдын апрелинде Венада башталган. Бирок тараптар мунасага келе албай, сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап жатат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *