Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Коомдук кеңештерди жоюуну сунуштаган мыйзам долбоору талкууланды

0
Коомдук кеңештерди жоюуну сунуштаган мыйзам долбоору талкууланды

Мамлекеттик мекемелердин коомдук кеңештеринин мүчөлөрү 2-мартта Юстиция министрлигинин коомдук кеңештерди жоюу боюнча мыйзам долбоорун талкуулашты.

Коомдук кеңештердин координациялык кеңешинин төрагасы Төлөнбек Абдыров жыйынга Юстиция министрлигинен жана өкмөттүн өкүлдөрү чакырылып, бирок эч ким келбегенин “Азаттыкка” билдирди.

“Мыйзамдын демилгечилери коомдук кеңештердин иши натыйжасыз экенин, аларга муктаждык жоктугун айтып, бул кеңештерди жоюуну демилгелеп жатышат. Биз мындай тыянакка кантип келишкенин сурап, бул боюнча талдоо жүрүп-жүрбөгөнүн билели дегенбиз”, - деди Абдыров.

Юстиция министрлиги жана өкмөт комментарий бере элек.

Коомдук кеңештер 13-февралда президент Садыр Жапаровго да кайрылуу жолдогон. Анда бул институт мамлекеттик мекемелердин ачык иштешине, коррупциянын жоюлушуна салым кошуп жатканы жазылган. 

Андан мурда Юстиция министрлиги коомдук кеңештерди жоюу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. 

Коомдук же байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мамлекеттик мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Демилгени жарандык коом жана ишкерлер колдоп, 2014-жылы "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынган.

Байкоочу кеңештерге ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети кишиден туруп, он бештен ашпоого тийиш. Алардын мүчөлөрү эки жылга тандалат.  

Жалпысынан 36 мамлекеттик органдын алдында коомдук кенеш бар. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *