Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Рузахунов: Казакстандагы экспертиза мага оор залака тийгенин аныктады

0
Рузахунов: Казакстандагы экспертиза мага оор залака тийгенин аныктады

Казакстандагы былтыркы январь окуяларында зомбулукка кабылган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 1-2-март күндөрү Алматы облустук атайын прокуратурасында анын окуясына байланыштуу териштирүү иштери өткөнүн билдирди.

Жактоочусу Бакытбек Автандил, «Бир дүйнө Кыргызстан» жана казакстандык «Кадыр Касиет» укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен бирге ал беш томдон турган кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыкканын, амбулатордук соттук психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгын алганын, буга чейин аныкталган полиция кызматкерлери менен бетме-бет териштирүү болгонун айтты.

Рузахуновдун билдиришинче, экспертизанын жыйынтыгында казакстандык адистер анын ден соолугуна оор залака келтирилгенин аныктап чыгышканы маалым болду.

Ал эми мамлекеттик каналдар аркылуу тарап кеткен видеого Казакстандын Ички иштер министрлигиндеги адамдар себепкер экени аныкталганын айткан Рузахунов ошол тасмадагы маалыматты кимдир-бирөө эл алдына чыгып төгүндөйбү, кечирим сурайбы деген суроосуна «Эгер жетекчиликтен тапшырма берилсе аткарууга даярбыз» деген жооп алганын айтты.

Музыкант аны Таргап айылынын тушунан кармап кеткен адамдар буга чейин аныкталып, суракка алынганын, бул жолу алар менен жолугушуу уюштурулмагын, бирок Казакстандын коопсуздук мекемеси алар тууралуу маалыматты купуя деп жабык кылып койгону аныкталганын кошумчалады.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстанда кыйноого кабылган эки жараны боюнча казак тарап сураган тийиштүү материалдарды жөнөткөнүн мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” 3-февралда билдирген. Кыргызстанда эки иш козголуп, тергөө уланып жатканы, Казакстанда да иштер козголуп, алар Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан укуктук жардам сурап кайрылышканы маалым болгон.

Былтыр Казакстандагы январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабашкан. Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана кое берип, Бишкекке жөнөтүшкөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан. Рузахуновдун көк-ала абалда тартылган видеосу ошол күндөрү интернетте тараган.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда ошол жылдын 8-январында кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери андан талап-тоноочулук жана башаламандык айыптарын моюнуна алууну талап кылышкан. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Алар кабылган окуялар боюнча иштер "кыйноо" беренеси менен козголгон. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *