Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Өзбекстанда диний ыр үчүн соттолгон студенттин жазасы жеңилдетилди

0
Өзбекстанда диний ыр үчүн соттолгон студенттин жазасы жеңилдетилди

Өзбекстанда Telegram аркылуу классташына диний ыр жөнөткөнү үчүн соттолгон Сардор Рахмонкулов шарттуу түрдө эркиндикке чыкты.

2-мартта Ташкент шаардык соту 22 жаштагы студенттин жазасын кайра карап, ушундай чечим кабыл алганын өлкөнүн Жогорку Соту билдирди. Расмий билдирүүдө бул чечим "мыйзамда каралган калыстык жана адап-ахлактык жактан кайра тарбиялоо принциптерине негизделгени" айтылат.

Рахмонкулов былтыр кармалгандан кийин жети ай тергөө абагында отуруп, быйыл 30-январда 5 жылга эркинен ажыратылган.

Диний комиссиянын бүтүмүнө ылайык, ал үч жыл мурун классташына жөнөткөн диний мүнөздөгү ыр "диний-фундаменталисттик" чыгарма деп табылган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *