Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Салык кызматы митингдер боюнча жооп кайтарды

0
Салык кызматы митингдер боюнча жооп кайтарды

Мамлекеттик салык кызматы жаңы салык эрежелерине каршы чыгып жаткан соодагерлердин талаптарына жооп берди. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 3-мартта атайын билдирүү таратып, Салык кызматынын жетекчилиги жана өкүлдөрү аларга суроолоруна жооп берип, түшүндүрүүгө аракет кылганын, бирок “митингчилер конструктивдүү сүйлөшүүдөн баш тартышканын” белгиледи.

“Бул алардын башкы максаты диалог эмес, өз суроолоруна жооп алууну жана угууну каалабагандык экенин дагы бир жолу далилдеп турат. ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ – динамикалуу өнүгүп жаткан дүйнөнүн заманбап шартындагы зарылчылык. Митинг таза жана ачык иштөөнү каалабаган ишкерлердин кызыкчылыгында уюштурулуп жатканы түшүнүктүү. Эгер  алар электрондук салык кызматтарын колдонушса, миллиондогон товар жүгүртүүсүн көрсөтүп, реалдуу экономикалык иштин негизинде салык төлөшү керек болот. Ошондуктан алар коомчулуктун тынчын алууда” деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

2-мартта "Дордой-Дыйкан", "Дордой-моторс", "Ош базары", "Азиз" базарларынын жүздөгөн ишкери Бишкекте контролдук-кассалык машиналардын (ККМ), электрондук эсеп-фактуралардын (ЭЭФ), электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаздардын киргизилишине каршы митинг уюштурушкан. Алар ЭТТК колдонула баштагандан бери чыгым, убара-түйшүк көбөйгөнүн, соода солгундаганын, салык эрежелерин өзгөртүп жатканда соодагерлердин пикирин эч ким сурабаганын, жаңы талаптын айынан жабылып калган дүкөндөр бар экенин айтышкан. 

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт. Буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Салык төлөөнүн жаңы эрежелери майда ишкерлерди убарага салып жатканы Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылган. Депутаттар салык кызматы өзү даяр эмес болгондуктан ишкерлер кыйналып жатышканын белгилешкен. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *