Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Милиция кызматкери президент Жапаровго кайрылуу жасады

0

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери Максатбек Аваз уулу президент Садыр Жапаровго кайрылып, Ички иштер министрлигиндеги “башаламандыкка чара көрүүнү” суранды.

Социалдык тармактарга 2-мартта тараган видеодо Максатбек Аваз уулу ага Ноокат райондук милициясынын жетекчилиги анын кызматтан кетүүсүн талап кылып, "болбосо кылмыш ишин козгоп кетиребиз деп коркутканын” айтып чыкты.

“Эмнеге көрсөткүчтөргө жетпейсиң, жыйынтык көрсөтпөйсүң?” деп сынга алышты. Мен тейлеген тоолуу аймакта кылмыш катталбаса, мен кайсы жыйынтыкты берем? Азыр баары башаламан. Талгат Өскөналиев (ред: - Ноокат РИИБинин башчысы) министр Улан Ниязбековдун атын жамынып алып, каалагандай мыйзамсыз талаптарды коюп жатат”,-дейт кайрылууда.

Ал мындай көйгөйгө туш болгон жүздөгөн, миңдеген милиция кызматкерлери бар экенин, алар “жумушунан айдалып кетпейин деп укугун коргой албай жүргөнүн” айтты.

Милиция кызматкери Жаңы-Базар аймактык бөлүмчөсүнүн башчысы Мурат Айтиев аны сабаганын, денесине залал келтиргенин айтканы тартылган видео 1-мартта интернетке жарыяланган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-мартта саат 22:50дө облустук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Аваз уулу денесинен жараат алып ооруканага кайрылганы боюнча Ош шаардык клиникасынан кабар түшкөн. Бул факты Ош ОИИБинде каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Ыкчам тергөө тобу Максатбек уулу менен байланышканда айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы денесине жараат келтиргенин билдирип, ыкчам тергөө тобу менен жолугушууга каршы болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ош ОИИБдин тергөө кызматы жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *