Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Ымыркайы менен камакта кармалып келген келин эркиндикке чыкты

0
Ымыркайы менен камакта кармалып келген келин эркиндикке чыкты

Жаңы төрөлгөн ымыркайы менен камакта кармалып келген келин эркиндикке чыкты. Аны бошотуу тууралуу чечим бүгүн 3-мартта Бишкек шаардык сотунда чыкканын адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, райондук соттун өкүмү башка бөлүгүндө күчүндө калды.

“Свердлов райондук сотунун өкүмү ымыркай 14 жашка чыкканга чейин аткарылбайт. 14 жашка чыккандан кийин, мыйзамга ылайык, эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза башка жеңилирээк түрүнө өзгөртүлөт же аны өтөөдөн таптакыр бошотулат ("Кылмыш жаза кодексинин" 87-беренеси)” деди Жоошев.

Ымыркайы менен сот залында отурган келиндин сүрөтү интернетте тарап, кызуу талкуу жараткан. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Тазабек Икрамов ал алган карызын төлөй албаганы үчүн камакта отурганын айткан жана мамлекетти ага каржы жагынан жардам берүүгө чакырган.

Адвокат Жоошевдин айтымында, келиндин мындан башка дагы алты кичине баласы бар, ал жылдык 144% менен алган карызын төлөй албаганы үчүн иш козголуп, кош бойлуу кезинде тергөө абагына киргизилген. Алдамчылыкка айыпталган келин 15-февралда ошол жактан көз жарган.

Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр декабрда аны алты жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *