"Тууну четтен көтөргөндө толкунданам". Эгемендиктин энбелгисине 31 жыл
3-мартта Кыргызстанда Мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Кызыл түстөгү туу мындан туура 31 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Бул арада анын түсүн алмаштыруу боюнча бир канча сунуштар айтылып, бирок ал ишке ашкан эмес.