Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Үйү буздурулуп, балдары менен көчөдө калган келин жөнүндө сот маалымат берди

0
Үйү буздурулуп, балдары менен көчөдө калган келин жөнүндө сот маалымат берди

Жогорку сот Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келинге байланыштуу комментарий берди. Анда соттун бардык инстанцияларында ал келин үйдү мыйзамсыз куруп алганы анык деген чечим чыкканы, сот аткаруучулар 1-мартта үйдү бузуу тууралуу чечимди аткарганы айтылат.

"Азаттык" мунун алдында балдары менен көчөдө калган Марал Шаболотова тууралуу материал даярдаган. Келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чыр ушул жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтып, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийгенин билдирген.

Ак-Ордонун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылышкан.

Министрлер кабинетинин төрасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев 4-мартта Ак-Ордого барып үйү жок калган келинге өкмөт башчынын жардамы менен жаңы үй салынып берилерин билдирди.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *