Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

УКМК: Бишкектеги райондордун биринин башкы архитектору кармалды

0
УКМК: Бишкектеги  райондордун биринин башкы архитектору кармалды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Бишкекбашкыархитектуранын" бөлүм башчысы пара алууга шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызмат 4-мартта тараткан маалыматка ылайык, иликтеп-текшерүүнүн жүрүшүндө аталган мекеменин "айрым кызматкерлери туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алганы" аныкталган.

"Жооптуу кызматкерлер Бишкектеги муниципалдык жер тилкелерин берүүгө оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы пара алууну такай уюштуруп келгени антыкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаардагы райондорунун биринин башкы архитектору Д.Ш.С. кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө анын мыйзамсыз иштерге барганы тууралуу маалыматтар алынган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жүрүп жатат",-деп айтылат маалыматта.

Өткөн айда Башкы прокуратура буга чейин “Бишкекбашкыархитектуранын” кызмат адамдарына жана калаанын “Түштүк аймагы” долбоорунун башкы архитектору Жыргалбек Асаналиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өткөнүн билдирген.

Анда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматта айтылгандай, архитектор "Бишкекбашкыархитектуранын"  айрым кызмат адамдарын туруктуу кылмыштуу байланышка тартуу менен, ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын бузулганын билип туруп мыйзамсыз аракетке барган. Тагыраагы 2021-2022-жылдар аралыгында кызматтык жасалмалоо жолу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагындагы кичи райондорду, кварталдарды куруу долбооруна мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү (корректураларды) киргизгени аныкталган деп белгиленген.

Башкы прокуратура Асаналиевди былтыр сентябрда кармаган. Сот алгач аны тергөө бүткүчө камакка алып, кийин кайра үй камагына чыгарган. Ал 17-февралда Биринчи май райондук сотунда жүргөндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып күнөөсүн моюнга албай турганын айткан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *