Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кемпир-Абад иши: активисттер абактагы аялдар боюнча бийликке кайрылды

0
Кемпир-Абад иши: активисттер абактагы аялдар боюнча бийликке кайрылды

Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылды.

Алар сот шектүүлөрдү камакка алууда балдарын, жашын, коомго кылган эмгегин жана туруктуу жашаган жери бар экенин эске албаганын билдирип, саясатчылар Клара Сооронкулованы, Рита Карасартованы, Асия Сасыкбаеваны үй камагына коё берүүнү сунушташты.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев.

Ушул тапта оппозициялык саясатчылар Равшан Жээбеков жана Клара Сооронкулова ооруканада. Алар дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *