Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Тоолуу Карабактагы атышууда беш киши окко учту

0
Тоолуу Карабактагы атышууда беш киши окко учту

Тоолуу Карабактагы атышууда коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери набыт болду. Этникалык армяндар үстөмдүк кылган аймактын де-факто өкмөтү үч полиция кызматкери мүрт кеткенин билдирсе, Баку эки аскери окко учканын маалымдады. 

5-мартта жикчил аймактагы этникалык армян полициясы менен  азербайжандык аскерлердин ортосунда кагылышуу болгон. Азербайжан тараткан маалыматта аскерлер мыйзамсыз курал-жарак ташып өтүүнү көздөгөн машинени токтотууга аракет кылганда атышуу болгону айтылат. 

Тоолуу Карабактын бийлиги “полиция кызматкерлери Карабак тараптан аймактын полиция бекетине келатканын, анда эч кандай амуниция болбогонун” билдирди.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *