Аба ырайы: жамгыр, кар жаайт
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 6-9-март күндөрү жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автожолунун 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), кар көчкү түшүшү мүмкүн.
7-марттын кечинде Кыргызстандын көпчүлүк дубандарында жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3,
Бийик тоолордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…+2.
Бишкекте кечке маал жаан жаай турганы күтүлүп жатат. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 23…25° градуска чейин жогору болот.