Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Жер мунапысындагы 27-беренени алып салууга каршы жыйын өттү

0

“Өскөн-Ордо” жаңы конушундагы жер ээлерибиз деген адамдар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-берененин алып салынышына каршы экенин билдиришти.

Алардын бири Жыпаркүл Турсунбаева “Өскөн Ордодогу” 37 гектардын мыйзамдуу ээлери бар экенин айтып, 27-берене алынып калса жер басып алгандар, ортомчулардан сатып алгандардыкы мыйзамдаштырылып кетерин билдирди.

Анын сөзүнө караганда, жер ээлери жергиликтүүлөрдөн 2006-2007-жылдары үлүш жерлерди сатып алышкан. 2013-жылдары жер басып алуу болуп, эми ал мыйзамдаштырылып калышы мүмкүн экенин айтты.

5-мартта президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушуна барып, үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Жергиликтүү эл менен жолугушууда “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-берене кызыл китеп берүү ишин аксатып атканы айтылган. Анда жер анын ээсинин макулдугу менен гана трансформация болору жазылган.

Президент Садыр Жапаров эл менен жолугушууда 27-пунктту жокко чыгаруу тапшырмасын берген. (BTo/TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *