Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Пакистандагы жардырууда тогуз полиция кызматкери набыт болду

0
Пакистандагы жардырууда тогуз полиция кызматкери набыт болду

Пакистандын Сибби шаарында жанкечтинин кол салуусунан тогуз полиция кызматкери набыт кетти. Окуя 6-мартта болду. Расмий маалыматка ылайык, мотоцикл айдаган жанкечти полициянын унаасына чабуул койгон. Ар кандай жараат алган жети тартип сакчысы жергиликтүү ооруканага түштү. 

Бир күн мурун, 5-мартта Белужистан жана Хайбер Пахтунхва провинцияларындагы чабуулдарда эки киши, анын ичинде бир аскер кызматкери каза болгон. 

Жардырууларга азырынча эч ким жоопкерчилик алган жок. Адатта бул аймактардагы түрдүү кол салууларды бийлик менен тирешип келаткан  “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылы уюштурат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *