Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Хоккей: Кыргызстан Дүйнө чемпионатынын III дивизионунда жеңүүчү болду

0
Хоккей: Кыргызстан Дүйнө чемпионатынын III дивизионунда жеңүүчү болду

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын III дивизионунун В (Б) тайпасында жеңүүчү болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, мелдеш 27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага алты команда катышты.

Алар Кыргызстан, Гонконг, Сингапур, Малайзия, Иран жана Босния жана Герцеговина өлкөлөрүнүн курама командалары. Мелдеште командалар өз ара ойноп, жыйынтыгында гана жеңүүчү аныкталды.

Кыргызстан алгачкы беттешинде Сингапур курама командасын 14:2 эсебинде, Босния жана Герцеговина курамасын 10:1, андан соң Малайзия курамасын 22:0 эсебинде утту. Ал эми Иран командасын 18:0, акыркы беттеште Гонконг курама командасын 12:2 эсебинде жеңип, жеңүүчү  болду. Кыргыз хоккейчилери жалпысынан мелдеште атаандаштарынын дарбазасына 76 шайба киргизген.

Кыргызстан курама командасы эми III дивизиондун А тайпасына жолдомо алат. Бул дивизиондун оюндары апрель айында өтөт. 2022-жылы кыргызстандык хоккейчилер Бишкекте VI-дивизиондун жеңүүчүсү болгон. (GT)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *