Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Жер мунапысы: Талаш жараткан жобо, кызматтан алынган жетекчилер

0
Жер мунапысы: Талаш жараткан жобо, кызматтан алынган жетекчилер

Бийлик Бишкектеги жаңы конуштардагы жер тилкелерин мыйзамдаштырууну жөнөкөйлөштүрүү үчүн “Жер мунапысы” жөнүндө жобого өзгөртүү киргизгени жатат.

Жобого өзгөртүү киргизилсе жерге кызыл китеп берүү үчүн мурунку жер ээсинин макулдугу талап кылынбайт. Конуштардагы үлүш жерлердин ээсибиз дегендер жобого өзгөртүү киргизүүгө каршы болушууда.

Үлүш жер ээлеринин нааразычылыгы

6-мартта Ак-Ордо конушунда үлүш жерлердин ээсибиз деген ондон ашык киши Башкы прокуратурага арыз таштаганы келишкен. Алар “Жер мунапысы” жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизүүгө каршы болуп, президент Садыр Жапаровдон маселени териштирүүнү суранып жатышат.

Алардын бири Айсалкын Сманова күйөөсү Каныбек Жакыпбаевге азыркы Ак-Ордо конушу түшкөн аймактан айыл чарба жери катары үлүшкө тийген 2 гектардан ашык жердин 60 сотыхын 10-15 жыл мурун белгисиз адамдар басып ала баштап, ортодо сатып жиберишкенин айтууда.

“60 сотых жеримди ала албай жатам. Мага билгизбей сатып жиберишкен. Эч кимге саткан эмесмин. Сотко кайрылгам, каралып жаткан. Эми жобону өзгөртүп салса сот иши дагы токтойт”, - деди Сманова.

Башкы прокуратуранын алдына чогулгандардын дагы бири Нурлан Эркинбаев атасынан калган 1 гектарга жакын жерин 2015-жылы кызыл китеп алып берем дегендер башкаларга сатып жибергенин билдирди.

“Булар убагында сатып жиберген деп “сатып-сатып алуу” деген документин көрсөтпөй эле асмандан алып сүйлөп коюшса, урматтуу Садыр Жапаров “болду силерге өттү” деп, 27-бөлүмдү жокко чыгарууга буйрук берип койду. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабызбы? Үлүш жерим үчүн соттошуп жаткан иштер эмне болот? Менин укугум кандай болот? Бирөөдөн бир сом алган эмесмин”, - деди ал.

Жокко чыгарылуучу 27-бөлүм, иштен алынган жетекчилер

5-мартта президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушуна барып, үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Анда чогулган жергиликтүүлөр кызыл китеп маселеси “Жер мунапысы” боюнча жободогу “жер анын ээсинин макулдугу менен гана трансформация болору жазылган” 27- бөлүмдүн айынан чечилбей жатканын арызданышкан.

Президент Жапаров аны менен чогуу барган башкы прокурор Курманкул Зулушевге жободогу 27- бөлүмдү жокко чыгарууну тапшырган. Ошондой эле жер саткандарды текшерип, жоопкерчиликке тартуу керек экенин белгилеген. Көзөмөл орган текшерүү башталганын маалымдады.

6-мартта президент Жапаров жер мунапысы боюнча кеңешме өткөрүп, өзүнүн Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевдин жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевдин ишин сындап, аларды кызматтан алууну тапшырды.

“Албетте жобону даярдаганда өкмөттөн катачылык кеткен. 27-бөлүмдү киргизбеши керек эле. Анткени ээлери 15 жыл мурун сатып кетип жатат. Сатып алгандар 15 жылдан бери үй салып жашап жатышат. Ошону мыйзамдаштырып, кызыл китебин беришибиз керек болчу. 1 жылдан бери 345 эле кишиге берипсиңер. Эмнеге бир жылдан бери 27-бөлүм боюнча келген жоксуңар? Чүйдөгү президенттин өкүлү, аким болуп кайрылсаңар болот беле? - деди Садыр Жапаров.

Жапаров башка аймактарда да, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында мунапыстын аткарылышын текшерүүнү тапшырды. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 “кызыл китеп” берилген. Ак-Ордо конушунда эле 15 миңдей тургун кызыл китеп алууга арыз берген.

Үлүш жерди ким басып алган?

“Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби” жөнүндөгү жобонун талаш жараткан 27- бөлүмүндө “Жер мунапысынын объектиси жеке менчикте болгон жана менчик ээси жер мунапысына туура келген тилкенин бөлүгүн берүүдөн баш тарткан учурда талаш-тартыштар жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте чечилет” деп жазылган.

Ак-Ордодогу квартал башчысы Мирбек Осмонов президент 27-бөлүмдү жокко чыгарууну тапшырганы туура болгонун айтып, буга каршы чыккандарды "жер алып саткандар" деп атады.

“Ак-Ордодо бир дагы киши жер басып алган эмес. Баары кызылдай акчага ортомчулардан сатып алган. “Мен көчөдө калдым, жерсиз калдым, менин жеримди басып алышты” деп айта беришет. Алар сатып, алчусун алган. Терең каза келсе “саткан жана сатып алуу тууралуу” келишимдери чыгат”, - деди Осмонов.

Ушул эле күнү “Өскөн-Ордо” жаңы конушундагы жер ээлерибиз деген адамдар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-берененин алып салынышына каршы экенин билдиришти. Алардын бири Жыпаркүл Турсунбаева “Өскөн Ордодогу” 37 гектардын мыйзамдуу ээлери бар экенин айтып, 27-берене алынып калса жер басып алгандар, ортомчулардан сатып алгандардыкы мыйзамдаштырылып кетерин билдирди.

Былтыр апрель айында “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамда жер мунапысы жарыяланып, адамдар мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Буга чейин кызыл китеп үчүн өлкө боюнча жалпысынан 89 миңден ашуун арыз түшкөн айтылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *