Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Ооганстанда кыз-келиндер арасындагы жумушсуздук 25% өстү

0
Ооганстанда кыз-келиндер арасындагы жумушсуздук 25% өстү

2021-жылдын августунан бери талибдер башкарган Ооганстанда аялдардын жумушсуздугу 25% өскөнүн Эл аралык эмгек уюму 7-мартта билдирди. Ошол эле мезгилде эркектердин жумушка орношуу көрсөткүчү 7%  кыскарды.

"Талибан"  2021-жылдын августунда бийликке кайтып келгенде бир катар убадаларды берген. Бирок адистер акыркы аракеттер кыймыл диктатуранын режимине кайтып баратканын көрсөтүп турарын белгилешүүдө.

Талибдер бийликке келгени кылмышка айыпталгандарды эл алдында жазалоо, өлүм жазасына тартуу, таяк менен уруп жазалаган учурлар көбөйгөн.

Кыз-келиндердин билим алышына, иштешине, ээн-эркин басып-турушуна тыюу салынып жатат. Өлкөдө гуманитардык кризис күчөп, элди ачарчылык, кедейчилик торуган.

"Талибан" кыймылы көп мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик деп табылган. Алардын Ооганстандагы бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *