Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Президенттин Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акими кызматтан алынды

0
Президенттин Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акими кызматтан алынды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев кызматтан алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 7-мартта кабарлады.

Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Чүй облусунун Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев да кызматынан бошотулду.

Президент жер мунапысынын аткарылышы боюнча 6-мартта өткөргөн жумушчу кеңешмеде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды жетиштүү аткарбаганы үчүн эки чиновникти жумуштан алуу тапшырмасын берген.

Былтыр апрель айында аталган мыйзамда жер мунапысы жарыяланып,  мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилген. Бир жылда Сокулук району боюнча болгону 341 “кызыл китеп” берилген.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысынын алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү мене иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

1-мартта Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда төрт балалуу аялдын үйү түрттүрүлгөн. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, 5-мартта Садыр Жапаров окуя болгон жерге барган.

Эл менен жолугушууда “кызыл китеп” алууга тоскоол болуп жатканы айтылган “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомдун 27-пункту алынып салынды. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *