Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Мирзиёевге Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн акыркы варианты берилди

0
Мирзиёевге Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн акыркы варианты берилди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн акыркы варианты сунушталды. Мамлекет башчысы 6-мартта парламенттин депутаттары, сенаторлор жана Жогорку соттун жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Анда Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланды.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, депутаттар коомчулуктан келген 200 миңден ашуун сунушту карап чыккан. Анын жыйынтыгында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун акыркы варианты даярдалды.

Конституцияны өзгөртүү долбоору былтыр 25-июнда жарыяланып, 10 күн коомдук талкууга коюлган. Анда Каракалпакстандын суверендүү макамы жана республикадан бөлүнүү укугу жоюлганына байланыштуу 1-2-июль күндөрү Нукуста нааразылык акциялары болуп, ал башаламандыкка айланган. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Мирзиёев Каракалпакстанга байланыштуу беренелер өзгөртүүсүз каларын билдирген. Кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоору кайрадан талкууланып, сунуштар менен толуктала баштаган.

Мыйзам долбоору даяр болгондон кийин референдум өтөт. Ал качан болору айтыла элек. Референдумда президенттин мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга узартылышы күтүлүүдө.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *