Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Мектеп: Мугалимдин кадыр-баркы, окуучунун тарбиясы

0
Мектеп: Мугалимдин кадыр-баркы, окуучунун тарбиясы

Бишкектеги мектепте окуучулар мугалимди мазактап, телефонго тартып түз эфирде көрсөткөн окуя талкуу жаратты. Тасмада балдар мугалимдин айтканын укпай, орунсуз сөздөрдү сүйлөп, класста бейбаштык кылганын көрүүгө болот. Бул мектепке министр Каныбек Иманалиев барып, видеону тарткан окуучу мугалимдерден кечирим сурады.

Бул окуя парламент бейбаш окуучуларды жана ата-энелердин жоопкерчилигин караган мыйзамды кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөндөн кийин болду. Буга чейин да интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, бири-бирине кол көтөргөнү тартылган видеолор тарап, мугалимдер иштен кеткен учурлар болгон.

6-март күнү сабак учурунда тартылган видео TikTokko түз эфирде чыккан. Анда Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач конушундагы №91 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу кыргыз тил мугалими Айзада Сеитбекованы мазактап жатканы көрсөтүлгөн. Бул окуучу өзүнүн классына эмес, параллель класстагы сабакка чөнтөк телефон менен кирген. Ал видео тартып атып сабак жүрүп жатканына карабай мугалимди көзгө илбей ыплас сөздөрдү айткан, окутуучуну мазактап жатканы, окуучулар класста каалагандай басып-туруп, партанын үстүнө чейин олтуруп алганы тартылган.

Окуучулардын басымында калган мугалим Айзада Сеитбекова 27 жашта. Беш жыл мурун Ишеналы Арабаев атындагы университеттин Кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктап, бул мектепте 5 жылдан бери эмгектенип келатат:

"Чейректик жат жазуу алып аткам. Буга чейин окуучулар менен мамилем жакшы эле болчу. Окуучулар кечигип кирип атканынан баланын колунда телефон бар экенин байкабай калган экенмин. Кийин видео тараганын директордун орун басары жөнөттү. Ал кезде жаман болуп аттым, тааныштарымдын көбү чалып жиберди. Ошол кезде арызымды жазып, жумуштан кетип калгым келди, окуя намысыма катуу тийди. Бирок быйыл 11-классты аяктап аткан бүтүрүүчү классым бар эле, ошолорго карап мектепке бардым. Алар “эжей, биз баарылап сизди коргоп алабыз” дегенде көзүмдөн жаш айланды, окуучуларымды таштап кете албай койдум. Өзгөчө эмгек жамааттан тартынып, кызыктай абалда болдум. Кийин кесиптештерим, министр келип колдоо көрсөткөндөн кийин өзүмө келе баштадым. Мени видеого тарткан окуучуга таарынычым жок, ал кандай окуя болуп кеткенин түшүндү деп ишенип турам", - деди Сеитбекова.

Мектептин ички эрежеси, атайын чыгарылган буйрукка ылайык, сабак учурунда балдардын телефону алынат, кетерде кайтарылып берилет. Ушул тапта окуучунун телефон көтөрүп, класстарды аралап жүргөнү териштирилип жатканын №91 мектеп-гимназиясынын тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Назира Акматова билдирди.

“Түз эфирге чыккан баланын жана видеодогу башка окуучулардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлору да келди. Видео 6-мартта интернетке чыккандан бери мектептин мугалимдери тынч ала элек. Негизи балдардын тарбиясына көңүл буруу керек экенин ата-энелерге эскертким келет. Маселен, мектептин биринчи милдети - окуучуларга билим берүү. Тарбия ата-эненин колунда”.

Гимназияда 1700гө чукул бала окуйт. Аларга 127 мугалим билим берет. Соңку окуя билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү кайрадан күн тартибине чыгарды. Мугалим Алтынай Мамбеталиева бийликтен ушул өңдүү көйгөйлөрдү чечүүнү суранды:

“Мейли, биз окуучунун, баланын укугу деп улам маселени көтөрө берели. Ал эми мугалимдин укугу кайда калды? Мугалим азыр окуучуга “эмнеге чачыңды жайып келдиң?” деген да суроо бере албайт. Бир кенедей көйгөй жаралып калса эле ата-энелер чуркап келет. Барган сайын мугалимдин кадыр-баркы түшүп, иштөө кыйындап баратат. Интернетте видеосу тарап кеткен кесиптешибиздин абалын азыр түшүнүү кыйын. Өспүрүм балдар эжейибизди шылдыңдап, видеонун алдына келген комментарийлерди окуп, каткырып атат. Анысы аз келгенсип, "зэк, зэчка" деген сөздөрдү колдонушканы бизди таң калтырды. Кенедей эле окуучулардын бул кылганы акылга сыйбаган иш”.

Бул видеону тарткан окуучунун ата-энеси менен байланыша алган жокпуз.

Окуядан кийин билим берүү министри Каныбек Иманалиев мектепке барып, мугалимдер жана жогору класстын окуучулары менен жолукту. Видеону түз эфирде тарткан окуучу менен да сүйлөштү. 10-класстын окуучусу чогулушта туруп мугалими Айзада Сеитбековадан кечирим сурап, мындай жорук кайталанбайт деп убада берди.

"5 жыл окуп, 5 жыл мугалим болуп, сизге сабак берем деп он жылдык өмүрү кетиптир. Мен сени менен дос болом, сен да мени менен дос бол. Акжол Махмудов өңдүү спорт чебери болом десең мен ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярмын. Ким мугалимди сыйласа, мен ошол адам менен дос болгум келет. Эгерде мугалимди сыйлай албасак кантип чек араны коргойбуз? Кантип биз мамлекетти көтөрөбүз? Президентибиз айткандай быйыл мугалимдерге үй берилет, биринчи жолу быйыл "Эл баатыры" сыйлыгы тапшырылат. Мындан ары чыр-чатак жок, кол алышалы",-деди министр Иманалиев.

Мектептин администрациясы окуучу буга чейин жүрүм-туруму боюнча эскертүү албаганын маалымдады. Ал сабактарды калтырбай катышкан катардагы окуучулардын бири деген мүнөздөмө берди.

Окуя коомчулукта кызуу талкууланып, балдар азыркы коомдун күзгүсү экенин да жазып жатышат. Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Догдуркүл Кендирбаева баланы тарбиялап, билим берип, адам катары калыптануусуна ата-эне, мугалим жана коом биргеликте аракет кылышы зарыл деп эсептейт.

"Айла жок, азыр коом кандай болсо балдар аны дал ошондой чагылдырып атат, алар коомдун күзгүсү да. Мени тынчсыздандырганы - бул нормага айланып бараткан көрүнүш болуп атат. Баланы чөйрө тарбиялоодо. Эгер биздин коом агрессивдүү болсо ошондой агрессивдүү бала чыгат, эгер толеранттуу же маданияттуу болсок, бала ошону кабыл алып, коомдогу көрүнүштөрдүн актуалдуулугуна жараша чоңоет. Аларды тарбиялоо эрежеси, адамга тиешелүү баалуулуктар бардык үй-бүлөлөрдө болушу керек. Бала максатына жетүүдө үч жолду тандайт: эгер баланы ата-энеси алдай берсе чоңойгондо көздөгөнүнө ушундай жол менен жетет. Эгер баланы уруп-согуп тарбияласак, ал кийин зомбулук көрсөтүп көздөгөнүн алат. А эгерде балага мээрим төгүп, ар тараптан өнүктүрсөк, тандоо укугун берсек, бала да кийин ошол жолго түшөт".

Мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, бирине-бири кол көтөргөн ушул сыяктуу видеолор буга чейин да тараган. Мындан улам былтыр Жогорку Кенештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо “Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан.

Декабрь айында мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору баштапкы вариантынан кыйла жумшартылган түрдө кабыл алынган.

Айрым укук коргоочулар мындай демилгеге каршы болуп чыккан. “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, бул мыйзам БУУнун Балдар конвенциясына жана Кыргызстандын Конституциясына карама-каршы келет.

Парламент депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо ​иштеп чыккан мыйзам долбоорунун алгачкы вариантында жаза катары чоңдорго 2-5 миң сом айып пул же 3-5 күндүк административдик камак, окуучуларга 4 миң сомдук айып пул сунушталып жаткан.

Кийин айып пул тууралуу сунуш алынып, ата-энелерге оозеки же жазуу түрүндө эскертүү берүү деген гана норма жазылган. Парламентте үч окууда жактырылыган соңку вариантына президент Жапаров кол кое элек.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *