Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы миңдеген аял жүрүшкө чыкты

0
Грузияда

8-мартта Тбилисиде "чет элдик агент жөнүндөгү" жаңы мыйзамга каршы аялдар жүрүшкө чыгышты. Байкоочулардын айтымында, акцияга кеминде беш миң адам катышты.

Алар "Кыз-келиндер катаал көзөмөлгө каршы" деген жазуусу бар стикерлерди таратышты. Жүрүшкө чыккандар борбордук Руставели проспектиси аркылуу парламент имаратынын алдындагы аянтка келишти.

Нааразылык акциялары Грузиянын башка шаарларында да өтүүдө. Активисттер Грузиянын Орусияга эмес, Европага ыкташын талап кылып жатышат. Полиция күч колдонуп, ондогон жаранды кармады.

7-мартта грузин парламенти "Чет элдик тыңчылар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документти 150 депутаттын 76сы колдоду.

Документ сырттан 20% ашуун каржыланган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул салынат.

Оппозиция менен жарандык коом бийликти "Орусиянын жолоюна түшүп баратат, авторитардык ыкмага жол ачат" деп сындап, бул мыйзамга каршы болууда.

Шаршембиде Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Берлинде туруп, мыйзам долбоорун коргой турганын билдирди. Өлкөнүн батышчыл президенти Саломе Зурабишвили Нью-Йоркто иш сапарда жүргөн жеринен Тбилисидеги миңдеген демонастранттарга тилектешигин билдирди.

Башкаруучу “Грузин кыялы” партиясы Кавказдагы бул чакан өлкөнүн Европа Биримдигине киришин каалаганы менен өткөн айда талаштуу мыйзам долбоорун колдоп чыккан.

Президенттин укуктары катуу чектелгендиктен, долбоорго вето койгон күндө дагы грузин парламенти мыйзамды ишке киргизүүгө укуктуу.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *