Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Талибдердин Балхтагы губернатору жардырууда каза болду

0

Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн Балхтагы губернатору Мохаммад Давуд Музамал жардырууда набыт болду.

Талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид муну Твиттерде тастыктады.

Балхтагы коопсуздук командачылыгынын басма сөз катчысы Мохаммад Асиф Вазири "Азади" радиосуна билдиргендей, Музамалдан тышкары дагы эки киши өлгөн. Жардыруу 9-мартта эртең менен командачылыктын экинчи имаратында болгону айтылууда.

Бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары жардырууда жараат алган 30дан ашуун киши ооруканага жеткирилгенин кабарлашты.

Бул 2021-жылдын августунан бери Ооганстанды башкарып турган учурдагы талибдердин аймактык губернатору өлтүрүлгөн биринчи учур.

Азырынча буга эч ким же топ жоопкерчилик ала элек.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *