Баткен: бир кылымды көргөн Айымча апа
Баткен облусунун тургуну Айымча Мурахмедова май айында 120 жашка чыгат. Ал облустагы 100 жаштын тегерегиндеги 12 карыянын эң улуусу. Акылы тунук, баскан-турганы тың апа азыр балдарынын кашында, небере-чөбөрөлөрүнүн сыйын көрүп жашап жатат. Ал балдарынын өмүрүн тилеп, ар дайым ак эмгек менен ак эмгек менен жашоого чакырып келет.