Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Камактагы оппозиционер саясатчы президентке кайрылды

0
Камактагы оппозиционер саясатчы президентке кайрылды

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 10-мартта мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылды. Ал кайрылуусунда, Кыргызстан “Үчүнчү жолу авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргени донор өлкөлөргө, эл аралык финансы уюмдарына жана инвесторлорго чоң сигнал экенин, бул сөзсүз терс таасирин тийгизерин” белгиледи.

“Акыркы үч жылда орногон супер президенттик авторитардык саясий система, Freedom House уюму баса белгилегендей, саясий оппоненттерди, бийликти сындаган журналисттерди, жарандык активисттерди куугунтуктоодо гана чоң ийгиликтерге жетишти. Ал эми элибиз үчүн эң маанилүү жакырчылык, жумушсуздук, коррупция менен күрөшүүдө эч кандай ийгиликтерге жетише алган жок. Баарыбыздын мекенибиз - Кыргызстан эркин, демократиялуу өлкө катары гана дүйнөдө өз ордун таба алат. Авторитаризмдин келечеги жок”, - деди Жээнбеков.

Бийлик Кыргызстанда авторитаризм жок экенин айтып келет. Бийликтин жоопкерчилигин бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды авторитаризм деп атоо таптакыр туура эмес экенин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 2021-жылдын декабрь айында билдирген. Ал мамлекеттик башкаруу системасындагы кардиналдуу реформалар президент да, өкмөт да, парламент да эч нерсеге жоопкерчилик албаган системанын ордуна өлкөдө бийликтин так вертикалы түзүлгөнүн, анын жоопкерчилиги аныкталганын, бийликтин максаты – элдин бакубат жашоосу экенин айткан.

Президент Садыр Жапаров быйыл февралда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай менен жолугушууда Кыргызстанда эркин жана демократиялуу өлкө катары көз каранды эмес медианын толук иштөөсү үчүн бардык шарт түзүлгөнүн, ал эми сөз эркиндиги коомдун жашоосунун ажырагыс бөлүгү экенин белгилеген.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист, алардын арасында Равшан Жээнбеков жарым жылдан бери камакта отурушат. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бийликтин ЖМК мыйзамын жаңылоо боюнча азыр жүрүп жаткан аракети өлкөдөгү бир катар журналисттерге жана редакцияларга басым күчөп турган маалга туш келүүдө. Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылгандар пайда болду, "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко арыз берилди, “Азаттыктын” сайты бир нече айдан бери бөгөттөлүп турат жана аны ЖМК катары жабуу аракети көрүлүүдө. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *