Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кыргызстандын паспортун сатып алгысы келген орусиялык жаран кармалды

0
Кыргызстандын паспортун сатып алгысы келген орусиялык жаран кармалды

Орусиянын эл аралык издөөдө жүргөн К.А.В. аттуу жараны Бишкек шаарынын аймагында кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ал жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөп жүргөн.

К.А.В. Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат. Ошондой эле Орусия Федерациясынын ФСБсы аркылуу “каракчылык”, “бандитизм”, “мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү”, “куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу” беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Орусиянын аталган жараны кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 15 миң долларга Кыргызстандын паспортун сатып алууга аракет кылып, тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн.

Учурда УКМК кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен операциясында колго түшкөн. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *