Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кытайдын өкмөт башчылыгына шанхайлык Ли Цян дайындалды

0
Кытайдын өкмөт башчылыгына шанхайлык Ли Цян дайындалды

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери – өкмөт башчы кызматына Коммунисттик партиянын Шанхай шаардык комитетин башкарган Ли Цян дайындалды.

Анын талапкерлигин 11-мартта Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытай кеңешинин 3 миңдей депутатынын дээрлик баары колдоду. Үчөө каршы, сегизи калыс болду. 10-мартта депутаттар Си Цзинпинди Кытайдын төрагасы кызматына кайрадан бир добуштан шайлаган.

63 жаштагы Ли Цян өткөн жылдын жаз айларында COVID-19 пандемиясы курчуп турган маалда Шанхайдын калкын иш жүзүндө изоляцияда кармап, нааразылыктарды басып отурган соң Си Цзинпинге жага түшкөнү маалымдалып келет.

Жаңы кызматта Ли Цян пандемиянын чектөөлөрүнөн улам түрдүү маселелерге кабылган Кытайдын экономикасын жандантууга жооп берет. Пандемияга чейин 6,1% өсүш менен келаткан Кытайдын экономикасы өткөн жылы 3% чейин жайлаган.

Премьерлик кызматта Ли Цян Ли Кэцяндын ордун басты. Кэцян бул кызматта он жылдан бери иштеп келген жана партиянын жогорку кызматтарындагы соңку технократ деп бааланчу.

Кытайдын Конституциясына 2018-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин баш катчысынын башкаруу мөөнөтүнө киргизилген чектөө алып салынган. Мурда Кытайдын төрагасы эки мөөнөn гана шайлана алчу.

Цзинпин Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет. Ал өлкө тарыхында бул беш жылдык орунда үч мөөнөт катары менен отурган биринчи башчы болуп калды. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *