Өзбекстанда жумуш сапары менен жүргөн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздарга жолукту. Бул тууралуу маалымат кыргыз өкмөтүнүн сайтында жарыяланды.
Акылбек Жапаров Манас айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү кыргыз бийлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ал Өзбекстандын бийлигинин ал жактагы кыргыздардын жашоо-шартын оңдоп жатканы кубандырарын айтып, аларды тарыхый мекени менен байланышын үзбөөгө үндөдү.
Өзбекстанда 2018-жылы “Ыңгайлуу айыл” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырган. Өзбек президентинин демилгеси менен айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 чакырым суу куурлары тартылып, 41 чакырым узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган.
34 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолуп, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө пункттары курулган. Мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган. Мындан тышкары заманбап үй-бүлөлүк бейтапкана курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.
Акылбек Жапаров Өзбекстанга иш сапар менен 8-мартта барган жана президент Шавкат Мирзиёев баштаган өлкө жетекчилерине жолуккан. Сапардын алкагында өкмөттүк деңгээлде 15 документке кол коюлду. Ал сапарынын алкагында бир катар өнөр-жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырды. (ErN)
Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Премию Фета получил поэт из Югры
«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.