Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагына дагы 77 миллион доллар бөлүүнү караштырууда

0
Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагына дагы 77 миллион доллар бөлүүнү караштырууда

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын электр энергетика тармагына кошумча каражат бөлүп берүүнү караштырып жатканын бүгүн 13-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди:

“Бүгүн Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолуктук. Дагы 77 миллион 50 жылга үстөк пайызы жок насыяны карап берели деп жатышат”.

Комитеттин бүгүнкү отурумунда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Бул макулдашууга 2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Долбоордун алкагында электр тармактары реконструкцияланып, кошумча көмөкчордондор курулуп, 1 миң трансформатор жана 600 миңдей “акылдуу эсептегич” орнотулат. Жалпысынан 38 жылга 50 миллион доллар 0,75% пайыздык чен менен берилет, анын 25 миллиону насыя, 25 миллиону грант болот.

Өткөн айда өкмөт электр энергиясынын катардагы абоненттер үчүн тарифин дээрлик 30% жогорулатууну сунуш кылды. Энергетика министрлиги калктын аз камсыз болгон катмарына мамлекеттен колдоо улана берерин айтууа. Талдоочулар кризистик абалда турган энергетика тармагынын көйгөйүн бир гана элдин эсебинен чечүү мүмкүн эместигин белгилеп жатышат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *