Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Энергетика министрлиги Дүйнөлүк банктан 50 млн. доллар грант жана насыя алат

0
Энергетика министрлиги Дүйнөлүк банктан 50 млн. доллар грант жана насыя алат

Энергетика министрлиги электр энергиясын бөлүштүрүүнү жакшыртуу жана эсептөө системасын санариптештирүү үчүн Дүйнөлүк банктын “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунан 50 миллион АКШ долларын алат.

Былтыр 5-октябрда кол коюлган тиешелүү келишимди парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 13-марттагы жыйынында үчүнчү окууда колдоду. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, 25 миллион доллар грант түрүндө, калганы 38 жылга насыя катары берилет.

Бул каражатка 350 чакырым зым тартуу жана көмөк чордондорду куруу, миң даана транформатор сатып алуу жана 600 миңге жакын акылдуу эсептегич орнотуу каралган.

Энергетика министрлиги 14-февралда “2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тариф саясаты” токтомун өзгөртүү сунушун коомдук талкууга чыгарган.

Анда быйыл 1-майдан тартып калк үчүн бир кВт/саат тарифи азыркы 77 тыйындын ордуна 1 сомго көтөрүү сунушталган. Эгер бир айлык керектөө 1,5 миң кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйын болот.

Калктын аз камсыз болгон катмарларына мамлекеттен жардам жана жеңилдетүү каралат.

Азыркы тариф боюнча калк үчүн электр энергиясынын наркы 700 кВт/саатка чейин 77 тыйынды түзөт, андан ашса 2,16 сом. Ишкана, мекеме, уюмдар үчүн өзүнчө тариф каралган. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *