Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча соттук отурум жылдырылды

0

13-мартта Бишкектин Октябрь райондук сотунда кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча соттук отурум болбой калды.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы буга айыпталуучулардын адвокаты келбей калганы негиз болгонун билдирди. Кийинки жараян 16-мартка белгиленди.

Соттук отурумга Бишкектеги №1 тергөө абагынын төрт кызматкери келди. Аларга “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, шалаакылык кылган” деп айып тагылууда. Шектүүлөргө эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы тандалган.

Андан тышкары “адам өлтүрүүгө” айыпталып жаткан дагы алты адам да сотко жеткирилди. Арасында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып былтыр 14 жылга соттолгон Санжар Сапарбеков да бар.

Чыңгыз Жумагулов былтыр 30-июлда №21 абактын (Бишкектеги №1 тергөө абагы) бөлмөлөрүнүн биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жумагуловду 2022-жылы 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *