Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Оскар-2023: "Навальный" тасмасы утту, Мишел Йео жеңишин энесине арнады

0
Оскар-2023:

13-мартка караган түнү Лос-Анжелесте абройлуу “Оскар” киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

“Навальный” фильми “Эң мыкты даректүү тасма” категориясында утса, белгилүү актриса Мишел Йео бул киносыйлыкты алган биринчи азият тектүү актриса болуп калды.

"Ал чыныгы мааниде тайманбас адам"

Кремлдин кескин сынчысы катары таанылган Алексей Навальный жөнүндө канадалык режиссер Дэниел Роер тарткан фильмдин аты аталганда сыйлоо аземи өтүп жаткан “Долби” театрында көрөрмандардын алкышы жаңырды. Навальный өзү бул аземге катыша албады. Ал бир канча жылдан бери Орусияда түрмөдө жатат.

“Менин жолдошум чындыкты айтканы үчүн түрмөдө отурат”, - деди саясатчынын жубаны Юлия Лос-Анжелестеги салтанатта сүйлөгөн учурда.

"Навальный" фильминин бет ачары 2022-жылы январда болгон. Анда 2020-жылы орусиялык оппозиционердин уулануусу, Германиядагы дарылануусу, өз башынан өткөндөрдү иликтөөгө жасаган аракети жана Москвада камакка алынганы тартылган.

Тасма Американын CNN жана Британиянын BBC телеканалдарында көрсөтүлгөн. Орусияда элге тартууланган эмес. Фильм буга чейин да бир катар эл аралык сыйлыктарды жеңген.

"Оскар" сыйлыгы тапшырылган иш-чарага режиссер менен бирге Алексей Навальныйдын жубайы Юлия, кызы Дарья жана уулу Захар катышты. Режиссер Дэниел Роер "Азаттыктын" орус кызматына маек бергенде Навальныйды "Ал чыныгы мааниде тайманбас адам" деп мүнөздөгөн. Орус оппозиционери азыр Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат.

"Эч качан чегинбегиле!"

Быйыл эң көп "Оскар" сыйлыгы режиссерлор Дэн Кван менен Дэниел Шайнерттин "Баары бүт жерде бир мезгилде" фильмине ыйгарылды. Бул картина "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты оригиналдуу сценарий" өңдүү номинациялардын жеңүүчүсү болду. Ал эми башкы ролду аткарган Мишел Йео "Мыкты актриса" сыйлыгын утту.

Теги малайзиялык 60 жаштагы Мишел Йео "Оскардын" 95 жылдык тарыхында бул номинацияга татыктуу болгон алгачкы азият тектүү айым болду.

"Бул - бүгүнкү кечени көрүп отурган мага окшош бардык балдар жана кыздар үчүн үмүттүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн чырагы. Бул - чоң максаттар жана кыялдар орундалат дегендин далили. Айымдар, эч кимге “сенин дооруң бүттү” деп айтууга жол бербегиле! Эч качан чегинбегиле!" – деген Йео бул жеңишин улгайган энесине арнай турганын жар салды.

"Баары бүт жерде бир мезгилде" фильми АКШдагы иммигрант аялдын түйшүгү жана ааламдын табышмактуу күчү тууралуу баяндайт.

"Мыкты актер" номинациясындагы сыйлык режиссер Даррен Аронофскинин "Кит" тасмасындагы ролу үчүн Брендан Фрейзерге берилди.

Немис режиссёру Эдвард Бергердин “Батыш фронтунда баары тынч” фильми “Эң мыкты чет элдик тасма” деп табылды. Бул фильм ошондой эле "Эң мыкты оператордук иш", "Мыкты оригиналдуу музыка" жана "Мыкты продюсердик дизайн" номинацияларындагы сыйлыктарды жеңди.

Америкалык киноиндустрияны өнүктүрүү максатында негизделген сыйлык 1940-жылдары "Оскар" деген аталышка ээ болгон. Сыйлык берүү аземи жыл сайын АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт. Иш-чара дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө көрсөтүлөт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *