Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

"Ак-Кула" атмайданында көкбөрү боюнча республикалык мелдеш башталды

0

Көкбөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеш бүгүн, 13-мартта Бишкектеги "Ак-Кула" атмайданында башталды. Улуттук спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, мелдеш 21-мартка чейин созулат. Ага жалпысынан 37 команда катышууда.

Оюндар алгачкы жолу төрт лигада: Жогорку лига (6 команда), Биринчи лига (12 команда), Экинчи лига (9 команда) жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында (10 команда) өтүп жатат.

Экинчи аталышындагы лига быйыл алгачкы жолу негизделди. Ошондой эле ышкыбоздор арасында мамлекеттик кызматкерлерден куралган төрт команда да ойнойт.

Бардык лигаларда жарым финалдык оюндар 18-19-мартта, финалдык беттештер 20-21-мартта болот.

Мелдештин байге фонду канча болору азырынча белгисиз. Көкбөрү федерациясы учурда 2 млн сомду спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы бөлгөнүн, дагы кошумча каражат изделип жатканын маалымдады.

Көкбөрү боюнча республикалык мелдештер "Ак-Кула" атмайданында 2019-жылдагы Нооруз майрамынан бери өтпөй, оюндар Чолпон-Ата шаарындагы жана аймактардагы атмайдандарда өтүп келген. Буга Бишкектеги ипподромдун авариялык абалга кептелип, адамдар үчүн кооптуу экени, техникалык абалы нормаларга жооп бербей калганы себеп болгон.

Быйыл 3-мартта президент Садыр Жапаров аталган атмайдандын абалы менен таанышып, бул жайдын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруп, жаңы атмайданга жер караштыруу керек экенин айткан. 2021-жылы да ипподромду шаардын сыртына чыгаруу демилгеси көтөрүлүп, бул демилгеге каршы чыккандар жыйынга чогулуп, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү атмайдан ордунда каларын билдирген.

Борбордук "Ак-Кула" атмайданын жаңыртуу маселеси 2017-жылы Нооруз майрамындагы ат оюндарынан кийин көтөрүлгөн. Көкбөрү оюнун көргөнү баргандар ага батпай, сырттагы бак-дарактардын жана аянтка жарык берүүчү мамынын үстүнө чыгып алып көрүшкөнү Интернетте кызуу талкууга алынган. 2019-жылы атмайданды реконструкциялоо боюнча өкмөттүк жыйында оңдоп-түзөөгө 650 млн сом кете турганы айтылып, эскиздик долборго архитектуралык сынак жарыяланып, кийин 2020-жылы өкмөттүн токтому менен 19 млн сомго оңдоого тендер жарыяланып, арыз түшпөгөнү белгилүү болгон.

Көкбөрү Кыргызстандагы популярдуу улуттук спорттун бири. Спорттун бул түрүнөн республикалык мелдештер жылына үч жолу: Нооруз, 9-Май Жеңиш күнү жана 31-август Эгемендик күнүндө өтүп келет. (ECh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *