Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Журналист, акын Кубат Оторбаевдин чыгармачылык кечеси өтүүдө

0

Бүгүн 13-мартта Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театрында журналист, акын, "Азаттыктын" редактору Кубат Оторбаевдин чыгармачылык кечеси өтүүдө. Кечеде акындын ырлары окулуп, анын чыгармалары окурмандарга тартууланууда.

Кубат Оторбаев Табылды Муканов атындагы сыйлыктын лауреаты. Ал "Азаттык Медианын", КТРКнын жетекчиси, өлкөнүн акыйкатчысы болуп иштеген.

Автордун "Гүлдөр күтөт" аттуу китеби былтыр жарык көргөн. Жыйнакка ата мекен, эл-жер, тагдыр-өмүр, дүйнөнүн миң кырдуу кайталангыс керемети, махабат, жаштык жөнүндө философиялык мазмундагы ырлар жана казалчы Казыбек Мамбетимин уулуу тууралуу поэма кирген.

"Гүлдөр күтөт" - автордун алгачкы китеби. Кыргызстандын Жазуучулар союзу ага 2022-жылдын жыйынтыгы менен поэзия жанрындагы "Жылдын мыкты китеби" сыйлыгын тапшырган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *