Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

0
ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга баруудан, саякаттоону убактылуу токтотуп турууну дагы бир жолу сунуштады.

Өлкөнүн тышкы саясат мекемеси кабарлагандай, Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай учурда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кийинки каттамды күтүүдө кошумча каржылык чыгымдар болот.

Маселе жаралган учурда Кыргызстандын жарандары төмөнкү номурларга чалса болот:

+996 999 312 002 – Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (Бишкек);

+992 887 782 223 - Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги (Дүйшөмбү шаары).

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап кеткен. Бул окуядан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *