Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Пашинян Армениянын тышкы коопсуздук маселеси чечилбегенин билдирди

0
Пашинян Армениянын тышкы коопсуздук маселеси чечилбегенин билдирди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн тышкы коопсуздук маселеси чечилбеген бойдон кала бергенин билдирди.

14-марттагы басма сөз жыйынында премьер Ереван менен Бакунун тынчтык сунуштары ортодо жылыш байкалганын көргөзгөнүн, бирок “алдыга жылган сайын тараптар фундаменталдуу көйгөйлөргө туш болгонун” белгиледи.

“Азербайжандын аймактык дооматтарын артып жатканы биз үчүн кызыл сызык”, - деп айткан Пашинян эки өлкөнүн чек арасында жана жикчил Тоолуу Карабакта аскердик эскалациянын ыктымалдыгы жогору экенине басым жасады.

Өкмөт башчынын айтымында, ал жакында орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүдө Тоолуу Карабактын орусиялык бейпилдик күчтөрү көзөмөлдөгөн бөлүгүндө "маселелер бар” деп билдирди.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, маал-маалы менен согушуп келатат. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.

Өткөн жумада Ереван ЖККУнун баш катчысынын орун басары кызматынан баш тарткан. Бул маселеге кайрылган Пашинян аскердик блок менен иш уланып жатканын билдирди.

Буга чейин армян бийлиги Азербайжан менен жаңжалда ЖККУ кийлигишкен жок деп нааразы болуп келген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *