Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Түркия: Кыргыз келиндин өлүмүнө айыпталган адам өмүр бою абакка кесилди

0
Түркия: Кыргыз келиндин өлүмүнө айыпталган адам өмүр бою абакка кесилди

Түркиянын Чорлу шаардык соту 2021-жылы кыргызстандык Аят Адсызды мыкаачылык менен өлтүргөн кайнатасы Фехми Адсызды өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу жергиликтүү "Демирөрен" жаңылыктар агенттиги 14-мартта жазды.

Сотто 67 жаштагы Фехми Адсыз "келиним неберелеримди кагып-силкип, күн көрсөтчү эмес " деп айтып, ызасына чыдабай Аятты өлтүрүп, денесин жиликтеп, таштандыга ыргытып жибергенин моюнуна алган.

Кабар агенттигинин маалыматында соттук отурумга катышкан кайненеси окуя болгон күнү үйгө келгенде күйөөсү келинин өлтүргөнүн көрүп, дароо кошуналарына барганы, алар полиция чакырганын айтканы белгиленген.

Үрөй учурган окуя 2021-жылы 12-октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында болгон. 30 жаштагы Аят Адсыздын өлүмү Түркияда резонанс жаратып, Башкы консулдук окуянын иликтенишине тыкыр көз салган.

Кыргыз келиндин жашы жете элек эки баласы Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигинин карамагына алынган.

Түркияга барган кыргызстандык кыз-келиндер киши колдуу болгон учурлар буга чейин да катталган.

"Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда былтыр 334 аял киши колдуу болуп, 245 аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылган эмес.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. (ElB)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *